Бишкектеги урап калуу коркунучунда турган көп кабаттуу үй дале оңдоло элек (фото)

Бишкектин Ленин районуна караштуу Фучик көчөсүндөгү №20-дарегинде жайгашкан беш кабаттуу турак жайдын бир тарабынын дубалдары урап түшүүдө. Буга чейин окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлашкан эле. Андан бери дээрлик төрт ай өтсө дагы абал өзгөргөн жок. Бул тууралуу үйдүн жашоочусу Жаңыл Курманбекова билдирди.

Бул үй мурда Фрунзе заводунун жатаканасы болчу. Мен 1978-жылдан бери ушул үйдө жашайм. Үйдүн бир тарабынын урап баштаганына 5-6 жылдан ашып калды. Жергиликтүү бийликтегилерге кайрылсак "бул турак жай силердин менчик үйүңөр, өзүңөр оңдошуңар керек" деген. Качан жыгылып калат экен деп эле кооптонуп жашап жатабыз. Өткөн жылы үйдүн көпчүлүгүн кене каптап кетиптир. Бул боюнча мэрияга кайрылсак жыйынтык болбогондуктан, өзүбүз дары чачып тазалап чыкканбыз”, - деди үйдүн жашоочусу.

Ал эми турак үйдүн башчысы Саамай Садыкованын айтымында, Иса Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турганда жашоочулар менен жолугушуу учурунда үйдү оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүлөрүн билдирген.

Документтерибизде үй 1970-жылдары салынган деп жазылып турат. Беш кабат үйдө жалпы 117 батир жайгашкан. Көбүнчөсү жашоочулар батирлерди ижарага алып жашагандыктан жашоочулардын так саны жок. Бийликтегилерге айта берип биз тажаганбыз. Ош базарынын айланасын кеңейтип Киев көчөсүн Фучик аркылуу чыгарган жаңы жол салганда, жашоочулар каршы болгонбуз. Себеби үйдүн коркунуч жаралган тарабынан көп унаалар өтсө, ансыз да урап калуу коркунучунда турган дубалдарга залакасы тиймек. Ошол кездеги шаар мэри Иса Өмүркулов жашоочулар менен жолугуп, оңдоого каражат беребиз деп кеткен. Ошол бойдон дайын жок”, - деди Садыкова.

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн бир капталы урап түшүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
abusait
2017-05-31 10:48:31
Мындай жатаканалар шаарда ондоп саналат. Качан урап кырсык болгондо анан кокуйлап тооктой чуркап калышат(((.
+4
Ajar812
2017-05-31 11:04:30
Кыргызстан аман эле болсун элди ойлогон ким бар дейсинер баары чонтогун ойлоп кресло кучактап отурат эбин таап оз башын коргомой болуп
+2
dina1983-19
2017-05-31 11:08:28
Согуш убагындагыдайго бул үй. Түп тамырынан бузуп жаңы салыш керек бул жашоочуларгада шаар тургундарына да коопту болуптур.
+5
sladkaja_konfetka
2017-05-31 11:19:23
Менчик уй болсо жашоочулар акча чогултуп ондоп алса болот го.
+1
AIZAD
2017-05-31 11:48:26
Мындайды ойлобой калышсын. Андан коро кресло, штора,планшет дегендердин эн кымбатын ойлоп отурушат!!(((
+2
baboskin
2017-05-31 14:54:40
AIZAD,мындай нерселер алардын кыялына даже келбесе керек
0
baboskin
2017-05-31 12:30:17
Мамлекет деген билиш керек,кайсы Уй Качан салынган Жана кайсы жылга чейин экенин! Срогу жетип баратканда башка Уй салып кочурот! Шермендечилик просто! Эми уйлор кочуп,адамдар олуп уят болобу! Бийликтегилердин оюна даже келбесе керек мындай нерселер!
0
Kg.arts.
2017-05-31 22:57:05
Менчик болгон сон жашоочулар оздору ондосо болот да.
0
Djal1987
2017-06-01 02:14:18
Шорум ай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан