Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Крупская айыл аймагындагы 6 гектар жерди ээлеген таштанды таштоочу жайды жабуу мүмкүн болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда SUPER.KG порталына Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Сокулук району боюнча улук инспектору Шырдакбек Жусупбеков билдирди.
"Жыл сайын райондук коммуналдык чарбанын жетекчилигине 15 миң сомдон айып салып жатабыз. Бирок бул кызмат эчак эле таштанды таштоочу жайды жабыш керек эле. Бирок алар ишти аткарбай жатат", - деди Жусупбеков.
Крупская айыл аймагында жайгашкан таштанды жайы 50 жылдан бери пайдаланылып келгени айтылууда. Көйгөйдү чечүүдө райондун жетекчилиги, таштанды таштаган 4 айыл өкмөтүнүн башчылары кайдыгер мамиле жасап келет.
"Бул жерге 4 айыл аймактын эли бир күндө 15-20 тонна таштанды ташташат. Буга чейин иштеп келген акимдерге бир нече жолу башка жер таап бергиле деп кайрылганбыз. Райондун жетекчилиги маселени чечебиз деп жубатып тим болушат. 3 жылдан бери салынган айыпты чөнтөгүмдөн төлөп жатам", - деп билдирди Сокулук районунун Коммуналдык чарба кызматынын башчысы Боронбай Момоконов.
Таштанды таштоочу жай эл жашаган аймакка 200 метр жакын жайгашкан. Жергиликтүү жашоочулар ар кандай оору жугуп калуудан кооптонуп жатканын айтууда.
"Бул жайды көчүрүү боюнча кайрылбаган жер калган жок. Күн ысыган сайын жагымсыз жыт чыгып, дем алууга мүмкүн болбой калат. Балдарыбыздын келечегинен кооптонобуз. Чымын, чиркей деген толтура", - деп нааразычылыгын билдирди айыл тургуну Алманбет Молдалиев.