Бүгүн, 31-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоону 2017-жылдын 15-октябрына дайындады. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам 3-окууда кабыл алынды. Мыйзамда ошондой эле Жогорку Кеӊешке шайлоодогу босоголук чек 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүлдү.
Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде “Ата Мекендин” депутаттары Конституцияга ылайык президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 1-декабрында бийликтен кетүүгө милдеттүү экенин эскертип, бул учурда жаӊы ажо кызматка киришип калышы үчүн шайлоону 19-ноябрда эмес 27-августта өткөрүлүшү керектигин эсептеп чыгышкан. Бул боюнча ажонун кеӊешчиси Фарид Ниязов сунушту “саясий провокация” деп атап, Текебаевдин командасынан оӊою менен жакшы сөз чыкпай калганын айтып сындаган эле. Бирок бийлик шайлоо күнүн 1 айга алдыга жылдырып, "Ата Мекендин" "саясий провокациясы" менен эсептешүүгө аргасыз болду. "Ата Мекенчилердин" бул сунушунда, албетте, партиялык кызыкчылык дагы бар. Президенттик шайлоону тездетүү демилгеси абактагы Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары катталуусуна жетишүү аракети дагы болчу. "Ата Мекендин" лидерин президенттикке талапкерлердин арасынан көргүсү келгендер бүгүн деле бар. Бирок анда талапкер болуп чыгуу мүмкүнчүлүгү күндөн-күнгө азайып баратат. Ошентип көптөн бери талаш-тартыш жаратып келген маселеге парламент чекит койду. Ал эми Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодогу 7 пайыздык чекти 9 пайызга көтөрүү сунушу талаш жаратты. Бул өзгөртүүнү депутат Жанар Акаев "жаӊы партиялардын парламентке өтүүсүнө бут тосуу" деп бааласа, демилгечилер "партияларды ирилештирбесе болбойт" деп чыгышты. Кыргызда 200дөй партия бар делгени менен, аты-жөнү, лидерлери элге жакшы таанылганы саналуу эле. Анын жарымы "Ата Мекен", КСДП өӊдүү эски партиялар болсо, жарымы Бабанов, Төрөбаев өӊдүү олигархтар түзгөн партиялар. Соӊку шайлоолордо деле негизинен ушуларга ийгилик жылмаюуда. Бирок 9 пайыздык чек жаӊы партияларга биротоло жол жабылды дегендик эмес. Элди ынандырып, ээрчитип кетүүгө жол ар дайым табылат. Эгер шайлоодо эски, элге таанымал партиялар гана жеӊишке жетери чын болсо 2010-жылкы революциядан кийин элдин колдоосуна ээ болуп турган КСДП, "Ата Мекен" өӊдүү революциялык партиялар "Ата Журт", "Республика" өӊдүү жаш партияларга утулбайт эле...
Орусиядагы Кыргыз жарандарын кезектеги документтик кыйынчылык каптады. 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда ишкерлик кылуу үчүн башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен автоунаа айдоого тыюу салынат. Сөз айдоочулук жумуш менен акча таап, үй-бүлө баккандар жөнүндө. Ал эми жеке унааны өз алдынча айдап жүрүүгө улуттук айдоочулук күбөлүк тоскоол болбойт. Тийиштүү мыйзам Орусияда 2013-жылы кабыл алынып, бирок жарандарга айдоочулук күбөлүктөрүн Орусиянын күбөлүктөрүнө алмаштырып алууга 2017-жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген эле. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мөөнөтүн 2018-жылдын 1-июнуна чейин узартуу демилгеси да көтөрүлүп жаткан, бирок жыйынтык чыга элек.
Орусиядагы Кыргыз элчилиги аталган мыйзам тууралуу маалыматты тактай электиги белгилүү болду. Элчилик мигранттардын абалына кабатырланган журналисттерге 1-июндан тарта чектөө чын эле күчүнө кириши мүмкүн экенин кабарлап, бирок Орусия тарап азырынча расмий билдирүү тарата электигин маалымдады. Орусиядагы Кыргыз өкүлчүлүгүн убактылуу жумушсуз калганы жаткан он миӊдеген кыргыздын тагдыры эмдигиче кызыктырбаганы таӊ калычтуу. Кыргыздын айдоочулук күбөлүгүн пайдаланып Орусиянын шаарларында эл жүк ташып жан баккан мекендештерибиз көп. Аларда эми 2 жол турат: айдоочулук күбөлүктү же ишин алмаштырышы керек. Мыйзамды тоготпой, улуттук күбөлүк менен автоунаа айдап жүргөндөр кармалса 5 миӊден 15 миӊ рублга чейин айып салынары белгилүү болду. Мунун айынан депортацияга туш болуу коркунучу да жаралат. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу айдоочулар 3 жолу сынактан өтүшү керек болот: 1 теориялык, 2 жолу тажрыйба жүзүндө. Улам жаӊы талаптар чыгып, мигранттардын турмушу оорлогон сайын "ЕАЭБге кирүү менен Кыргыз эмне тапты" деген суроолор күчөйт. Ал эми түрдүү себептер менен эмгек мигранттарынын өлкөгө кайтып келиши ансыз да жумушсуздук күч мамлекетке кошумча түйшүк...