Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата 7 жыл мурун "коррупция" беренеси менен козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды. Бул тууралуу 1-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2010-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Токмок шаардык мэриясындагы коррупциялык иштер боюнча кылмыш ишин козгогон. Кийин кылмыш иши боюнча айрым эпизоддор Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен. Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан 2017-жылы 25-майда кылмыш иши кайра жанданганы белгилүү болду.
"Материалдарга караганда Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп туруп башка жооптуу кызматкерлер менен биргеликте мамлекеттик китепкананын имаратын, 500 чарчы метр жер тилкеси менен кошо жеке менчикке арзандатылган баада 572 116 сомго сатып жиберген. Соттук курулуш техникалык экспертиза имараттын рыноктук баасы 1 миллион сомдон ашык болорун аныктаган. Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени үчүн Канат Исаев жана башка жооптуу кызматкерге коррупция беренесинин үч эпизоду боюнча кылмыш иши козголду", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Айта кетсек, Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин өткөн жылы ноябрь айында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Анын ичинде Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган. Башкы прокуратура кийин ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы аныкталган. 2017-жылы 11-майда ага "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган.