Канат Исаевге козголгон кылмыш иши УКМКга өткөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. “Атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы аныкталган. Учурда тергөө иштери кайра жанданды”, - деп билдиришкен мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан