Бүгүн, 1-июнда Бишкекте желим гүлдөрдү сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жаштагы Эрмек Абдырахмановду колдоо максатында уюштурулган иш-чарада жалпы 117 миң сом чогулгандыгы жана курулуш компаниялардын бири Эрмекке бир бөлмөлүү батирди белекке бере турганы белгилүү болду.
Ал эми Эрмектин таенеси Айсулуу Абдырахманова кантип желим гүлдөрдү сатып калганын SUPER.KG`ге айтып берди:
“Эрмектин апасынын эгизи майып болчу, аны дарылатам деп 1993-жылдары борборго келип туруп калдык. Ал мындан 7 жыл мурун каза болду. Мурда Эрмек апасы менен Жалал-Абадда эжемдин үйүндө турушчу. Анан апасы “балдарды бутунан тургузам" деп 100 миң сом кредит алган. Базарда бир аз соода кылды. Адамдар андан карызга соода кылышып, акчаларын кайтарып беришпей, кызым кредитти төлөй албай Орусияга кетүүгө аргасыз болду. Ал жакка барып паспортун жоготуп жибериптир, тилемчи болуп калдым дейт. Өзү алган кредитинин 1 айын гана төлөй алды, калганын ушинтип Эрмек жардамдашып жатып, 5 айын биз төлөдүк, айына 7 миң 500 сомдон төлөйбүз, дагы 12 ай төксөк бүтөт. Эми Эрмек экөөбүз кредитти жабабыз деп көчөдө чуркап жүрөбүз”, - дейт.
Андан сырткары гүлдү Эрмек сатса соода жакшы болгондуктан аны саттырып өзү үйдө желим гүлдөрдү даярдоо менен алектенип калгандыгын айтып, аны окутууга да жардам беребиз дегендер чыгып жаткандыгын кабарлады.
“Бирөөлөр келип сертификат таштап кетишти. 3 жыл бекер окуйт экен. Буюрса, окутуп келечекте мыкты адам кылам, бизге жардам берип жаткан адамдардай боорукер адам болсо экен деп кыялданып жатам”, - дейт.
Кыргыз элинин боорукерлигине терең таазим кыларын, боорукер адамдар мынча көп деп ойлобогондугун айтты. “Ушундай жакшы адамдар бар экен. Көтөрмөлөп жатышат. Бизге ушинтип жардам бере турган адамдар чыгарын ойлогон эмесмин. Мен ушунчалык толкунданып жатам кантип рахмат айтарымды да билбейм. Деги көчөдө бир да бала тилемчилик кылып жүрбөсүнчү. Бардык адамдарда муктаждык болбой бай болушун каалайт элем”, - деген пикири менен бөлүштү Айсулуу Абдырахманова.