АКШнын экс-президенти Барак Обама Вашингтон шаарындагы престиждүү райондордун биринен баасы 8 миллион 100 миӊ долларга үй сатып алды. Бул тууралуу 1-июнда "Washington Post" басылмасы жазып чыкты.
Обаманын басма сөз катчысынын айтымында, экс-президенттин үй-бүлөсү аталган үйдө 2,5 жылга чейин жашоону пландашууда. Бул убакытка чейин Обаманын кызы Наташа Вашингтондогу орто мектепти бүтүрөт.
Жаӊы үйдө 8 уктоочу бөлмө, 9 санузел бар. Имарат 1920-жылдары курулуп, 2011-жылы оӊдоп-түзөөдөн өткөн. Буга чейин ал жайга АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун катчысы Жо Локхарт ээлик кылган. Ушул эле райондо кыймылсыз мүлккө Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп, "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос ээлик кылары айтылат.
Маалыматта учурда Обама Шотландияда эс алууда жүргөнү айтылат.