"Жалал-Абадда белгисиз бирөөлөр коомдук жайдагы гүлдөрдү үзүп кетишүүдө" деп билдирди окурман SUPER.KG'ге бүгүн, 2-июнда WhatsApp аркылуу.
"Жалал-Абаддагы Спутник кичи районундагы коомдук жайдан 3 жигит (бирөөсү унаада отурат) гүлдөрдү үзүп, алып кетип жатышат. Мен тротуарда бара жаткам, алар чоӊ жолдун ары жагында үзүп жатышты, ошондуктан жакындан сүрөт тартууга мүмкүн болгон жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.