Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү документке президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 3-июнда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал кызматтан кеткенден кийин президенттик шайлоодо КСДП партиясынын штабын жетектей турганы маалым болду.

Фарид Ниязов 1957-жылы 27-апрелде туулган. Улуту - кыргыз.

Кыргыз, орус тилдерин билет. 2010-жылдын 24-апрелинен августуна чейин Убактылуу өкмөттүн аппаратынын Маалыматтык-координациялык борборунун башчысы;

2010-жылдын августунан сентябрына чейин КРнын Президентинин администрациясында Маалыматтык-координациялык борборунун жетекчиси; 2011-жылдын августунан октябрына чейин президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабынын башчысы;

2011-жылдын 3-декабрынан 2015-жылдын 7-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп иштеген. 2017-жылдын март айында кайрадан президенттин кеңешчиси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан