Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Таиландда TNA (Total Nonstop Action Wrestling) эрежелери боюнча өткөн беттеште жеңишке жетишти. Бул тууралуу ал SUPER.KG'ге билдирди.
"4-июнда Таиланддагы "Интернационал" стадионунда Дүйнөлүк мелдеш болуп өттү. Анда мен тай мушкери Сомчай Пхакпхум менен беттештим. Жеңиш үчүн күрөш оңой болгон жок. 3-раундда нокаут менен каршылашымды багындыра алдым", - дейт мушкер.
Ошондой эле ал 27-июнда Татарстанда Антон Калинин менен реванштык беттеши орун аларын, андыктан оюнга кызуу даярданып жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, Дастан Шаршеев буга чейин Антон Калинин менен ушул жылдын 22-апрелинде Татарстанда өткөн турнирде кез келген. Ал атаандашын 3-раундда нокдаунга учуратса да, калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышкан. Мындан улам Кыргыз спортчу рингден түшпөй койгон. Калыс Шаршеевди депортация менен коркуткан. Ага карабастан Дастан Шаршеев микрофонго өз нааразычылыгын айтып анан рингден түшүп кеткен.