Бүгүн, 6-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. Саясатчы үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. Апрелдин башында кан тамырлары кесилип, эсин жоготкон абалда №47-колониянын ооруканасына жеткирилгени коомду катуу дүрбөлөӊгө салган. Соттук отурумда айыпталуучунун адвокаттары иш менен жакшылап таанышып чыгууга убакыт сурап, судья өтүнүчтү канааттандырды.
Кечээ күнү өткөн Текебаевдин иши сыяктуу эле Жапаровдун соттук ишин да жабык кароого аракет жасалууда. Судья Эмил Кайыпов процессти фото, видеого тартууга бүгүн гана уруксат экенин билдирди. Ал эми айыпталуучу өзү отурумдардын жабык өтүшүнө каршы. "Акыркы мезгилде коомчулук күбө, жарандарды күч колдонуп зордук менен соттоп жибергендер көбөйдү. ММКлар баарын ачык тартсын, эл көрсүн, менин күнөөм болсо элдин көзүнчө соттогула", - деди. Кечээ, Өмүрбек Текебаев да ушул эле пикирди айтып, сот кандай өтүп жатканын бардык жарандар көрүшү керектигин талап кылган эле. Кечээги Текебаевдин, бүгүнкү Жапаровдун сот ишинде мамлекеттик айыптоочулардын айрымдары коомдук пикирлерди эске алышканы байкалды. Мисалы, Текебаевдин сотунда прокурорлордун бири кылмыш ишинин көлөмү чоӊ экенин, аны менен таанышып чыгууга Текебаевге убакыт берүүнү колдой турганын айткан. Бүгүнкү жыйында мамлекеттик айыптоочулар сот процессин чагылдырууга журналисттерди катыштырууну колдоого алды. Сот имаратынын алдында Жапаровдун тарапташтары чогулуп, айыпталуучуну камактан бошотууну талап кылып кыйкырып турушту. Жапаровдун өзү эле эмес, аны колдоп митингге чыккандардын бир тобу бүгүн камакта. Экс-депутаттын элге, тарапташтарына айтчу сөзү көп экени талашсыз. Сот процессин Текебаев дагы, Жапаров дагы өз чындыгын айтып элге таратууга мүмкүнчүлүк катары пайдаланышары түшүнүктүү. Өмүрбек Текебаев да, Садыр Жапаров да президенттик шайлоого катыша турганын жарыялашкан. Алар соттолуп, чечим күчүнө киргенге чейин талапкер катары каттоодон өтүүгө аракет кылышары анык. Эгерде сот процесси ачык болсо, анда Текебаевдин да, Жапаровдун да элге кайрылууга мүмкүнчүлүгү болот. Темир тор артындагы абал тескерисинче, бул эки саясатчыга салмак кошуусу да мүмкүн. Буга бийлик жол береби, жокпу, кийинки соттук отурумдарда билинет. Мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук айыпталуучуларга эле эмес Кыргыздын ар бир жаранына керек. Андыктан сот жыйынындагы ачык-айкындуулукту айыпталуучулар же алардын жакындары гана эмес, эркин, демократиялык деп аталган жалпы Кыргыз коомчулугу талап кылышы керек...
Өкмөттүн "Мегакомду" сатуу боюнча үчүнчү аракетинен майнап чыккан жок. Компаниянын 100 пайыз акциясын сатуу үчүн 5-июнга дайындалган аукцион өтпөй калды, себеп - аукционго катышарын айтып эч ким билдирме таштаган эмес.
"Кумтөр" талашы Кыргыздын парламентин жарга такагандай, "Мегаком" Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчыларынын кызматтык тагдырын чечүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев аталган фонддун мурдагы жетекчиси "Мегакомду" сата албаганы үчүн жумуштан кеткенин айтып келет. Белгилүү болгондой, "Мегакомдун" жеке менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. 2 ирет сатыкка коюлуп, кардар табылган жок. Үчүнчү жолу сатыкка коюлганда журналисттер фонддун директору Болсунбек Казаковдон бул ирет да сатылбай калса кызматтык тагдыры кандай болорун сурашканда Казаков кызматта калар-калбасын өкмөт чечерин билдирген. Эгерде фонддун мурдагы жетекчиси "Мегакомду" соодалай албаганы үчүн иштен айдалганы чын болсо, анда жакында Казаков да кызматтан кол жуушу мүмкүн. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандоодо. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлду. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбетовдун билдиришинче, "Мегакомду" ачык акционердик коомго айлантып, акцияларын фондулук биржада сатуу планы каралууда. Эки жылдан бери инвестор табылбай жатышына "Мегакомдун" тегерегиндеги чырдын да таасири тийип жатат десе болот. Башка өӊүттөн караганда, бул "ийгиликсиз" аукциондордун артында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы турган жокпу деген суроо жаралат. Улам баасын түшүрүп отуруп, акырында кайсы бир чиновниктин туугандарына же ишкерге арзыбаган баага берип салуу үчүн даярдык жүрүп жаткан жокпу? 2 жыл мурун ошол кездеги премьер Темир Сариев ушундай темпте жүрүп отурса компания 2 жылдын ичинде кирешесиз ишканага айланарын билдирген. Компанияны банкрот абалына атайын түртүп жатышса, анда ал максат деле алыста эмес өӊдөнөт...
Интернет желесинде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин сүрөтү талкууланууда. Сүрөттөн мэрдин талаада иш-чаралардын биринде трибунада сүйлөп жатканын, алдына килем төшөлгөнүн көрүүгө болот. Жарандар шаар башчысынын бут алдына килем төшөөнү "кошоматчылык" деп сындап жатышат.
Кошоматчылык - бул окуяга жараша турган эле баа. Килем төшөтүү Кадырбаевдин талабы эместир, мүмкүн, иш-чараны уюштургандардын мэрге жакшы көрүнүү, жагалдануу аракети. Килемдин үстүнө чыккандан мэрдин бою узарып же кадыр-баркы көтөрүлүп кетпеси анык. Ал эми шаар башчысынын кемчилиги, мындай элди ирээнжиткен кошоматтарга жоруктарга жол бербей, бөгөт койбогону. Эл чиновниктерди ишинен баалайт, бекеринен Оштун жашоочулары Мырзакматовду ай-талаага килем төшөткөнү үчүн эмес, шаар турмушунун жакшырышына көргөн аракети үчүн баалап, эмдигиче унутпай жатышкан чыгар? Ал эми Кадырбаевди көпчүлүк ишинен эмес, МАИ кызматкерине баш ийбеген эжеси, "президентти сындагандарды Кудай жазаласын" деп каргаганы өӊдүү иштеринен улам жакшы тааныйт. Жардамчыларына кол чатыр карматып күндөн же жамгырдан калкаланганы үчүн убагында мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Бишкек шаарынын ошол кездеги прокурору Нурлан Сулайманкулов, Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов да коомчулукта катуу сындалганы эсте. Жаӊыдан унутулуп бараткан жорукту Оштун мэри кайрадан элдин эсине салды...