Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Бел айыл аймагында 6 адамды ит тиштеди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына Ноокат районунун акиминин орун басары Нияз Козуев билдирди.
Окуя ушул жылдын 3-июнь күнү болгон. Бүгүнкү күндө Бел айыл аймагындагы жолбун, эмделбеген иттерди атуу тургундар тарабынан сунушталууда.
"Айылда байлануу турган ит бошонуп кетип, 6 адамды тиштеп алган. Айрымдар итти кутурган деп шектенип жатышат. Бирок азырынча кутургандыгы аныктала элек. Ошентсе да ит тиштеген 3 адам үйүндө, 3 адам бейтапканада дарыланып жатышат. Итти байлаган дагы бир тургун да дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул окуя боюнча атайын текшерүүчү топ түзүлүп, иш жүргүзүп жатабыз", - дейт Козуев.
Бул боюнча Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Эртабылды Көккөзовго байланыштык.
"Бейтапканада жаткан адамдардын абалы жакшы, 3 адамды катуурак тиштеп койгон. Эң негизгиси ит кутурган эмес, бирок ал буга чейин эмделген эмес. Биздин адистер ошол ит тиштеген жетинчи адамды да таптык", - дейт Көккөзов.