Америкалык ырчы Бейонсенин төрөтүнө 4 жашар кызы катышат

Америкалык белгилүү ырчы Бейонсе жакындап калган төрөтүнө 4 жашар кызы Блу Айвинин катышуусун каалайт. Бул тууралуу "Daily Star" басылмасына ырчынын жакындарынын бири кабарлаган.
"Бейонсе күйөөсү Жей Зи экөө эгиздери төрөлгөн соӊ кызы өзүн керексиз сезип калуусунан коркушат. Андыктан Айвинин эгиздердин жарыкка келүү процессине катышуусу үчүн бардык нерсени жасашат. Ал үчүн кичинекей кызына медициналык халатты тигүүгө буюртма беришти. Баасы 900 фунттан (79 миӊ сомдон ашык) ашуун", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бейонсе эгиз балалуу болору тууралуу февраль айында интернеттеги өздүк баракчасы аркылуу маалымдаган. Анын кош бойлуу сүрөтү "жакты" белгисин топтоо боюнча рекорд койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
clay
2017-06-07 13:55:27
Ушу жөн эле койбопсуңар, кийин бизден дагы аялдар чыкпаса биздин торотко кыздарыбыз дагы катышат деп!

Балага психалык травма болот.Кийин ал адам тороттон коркуп калат!
+11
Alibay
2017-06-07 14:20:33
79 мин сомго халат заказ бердирип ,анан катышышы укмущ го...
+4
bermet104
2017-06-07 14:23:32
Ичине күч келбейт бекен кызын ичине отургузуп алыптыр
-2
ayjan_90
2017-06-07 15:40:57
Мен эки жашар баламды которбоймго куч келип кетет деп а бул 4 жаштагы кызын курсагына отургузганы эмнеси
+2
Myrzashka95
2017-06-07 15:56:12
ayjan_90,Анткени кыргыздар обу жок болобуз да. Энеси жалкоонун баласы ыйлаак деп коюшчу беле. Ич пичине куч келбей эле илгеркилер тоо ташта эле тороп келишкен бирин жонуна бирин ичине бирин колуна жетелеп оокат кылып дегендей
+3
raykray
2017-06-07 16:52:22
Myrzashka95,обу жоктонбой эле азыркыларда которуп эле жумушун жасап журот айырмачылыгын байкасан ичинде эгиз наристе и торогону турат а кызы 4жаш аллей которуп алган жок!
0
gordaya
2017-06-07 17:15:00
Myrzashka95, Анан 10 баласынын ичинен экоо тируу калса калат болбосо жок, озун деги торогонсунбу
0
raykray
2017-06-07 16:50:00
бул болгону фотосессия
0
Gulim_zamujem
2017-06-07 15:43:07
4 жашар кызга окшобойтко кызы мынча чоон.
-1
raykray
2017-06-07 16:54:23
Gulim_zamujem, Чубак ажынын жообун уктун беле кыргыздар кичирейип баратканын хе.хе))) мурда биздин ата бабаларыбыз чон чон болушкан, анан негизи эле Европалыктар колу буту узун
0
aselushka
2017-06-07 16:23:13
Эмнеси бар экен, илгээри балдарын наракты каратып, же берки болмого киргизип туруп эле торошчу экенго, булар эмне кылсада жанылыкда.
+1
Nevestkaa
2017-06-07 19:41:25
Обу жоктор ай өткөндө канча миң долларга ушул ХХХ кызына кийим тиктирди деп чыгарды эле го.Акчасы ашып батпай атса кыла берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан