КҮНСЕРЕП: Түрк учагынан жабыркагандарды Кыргыз бийлиги Түркияга эс алууга жөнөттү

Бүгүн, 8-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте "Жогорку Кеӊештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү демилгеси талкууланды. Айрым депутаттар кызматтык унаадан, батирден жана жардамчыдан баш тартууга каршы чыгышты. 2015-жылы "Республика-Ата Журт" фракциясынын сунушу менен Жогорку Кеӊеште атайы токтом кабыл алынып, депутаттар кызматтык унаадан жана 1 жардамчыдан баш тартышкан. Кызматтык батир Бишкекте үйү жок делген 30дай депутатка гана берилген эле. Эми "депутаттык артыкчылыктар болбойт" деген токтомду мыйзам менен бекемдөө сунушталууда.

Эл өкүлдөрү артыкчылыктан жөн эле баш тарта калышчудай эмес. Ирина Карамушкина автоунаадан баш тартуу "Республика-Ата Журттун" демилгеси экенин айтып, "бирөөнүн позициясын бизге таӊуулабагыла" деп чыкты. Анын билдиришинче, автоунаадан баш тартуу бюджетти үнөмдөө эмес, депутаттын иштөөсүнө түзүлгөн шартын тартып алуу. КСДПнын дагы бир депутаты Альфия Самигулина кызматтык унаадан ажырап калса, мыйзам даярдоодо кеӊеш алуу үчүн юристтерге бара албай каларын айтат. Мурда кызматтык унаадан ажырагысы келбеген депутаттар аймактарга жетүүгө, чукул иш-чараларга тезинен барууга автоунаа керек деп шылтоо кылышса, депутаттарга эми Бишкектин ичинде ары-бери жүрүү кыйынчылык жаратууда. Жогорку Кеӊештин депутаты - эл тарабынан шайлаган мамлекеттик кызматкер. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алат, чет жерге сапарларга чыгат. Жасаган ишин милдет кылып, эл төлөгөн салыктын эсебинен кызматтык автоунаада жүрүшүм керек дегени канчалык туура? Депутат Рыскелди Момбеков мыйзамдын максаты - байларды гана парламентке өткөрүү экенин айтып, кызматтык унаадан, 1 жардамчыдан баш тартып 120 миллион сом үнөмдөлгөнүн, бирок депутаттарды бул үнөм үчүн эч ким мактабаганын билдирди. Депутаттык жеӊилдиктерден баш тарткысы келбегендер жалаӊ КСДП фракциясынан экени кызык. Жакында КСДПнын саясий кеӊешинин жыйыны өттү. Ал жерге саясий кеӊештин мүчөлөрүнүн дээрлик баары кымбат жол тандабастарда барышканын бүт Кыргыз көрдү. Бюджетти үнөмдөөчү, экономикасы өнүккөн, мамлекети да, эли да бай өлкөлөрдүн өкмөт башчы, мэрлери троллейбуста жүрүшөт же велосипед менен жумушка барып келишет. Кыргыз 5 жылга шайлап, жашоону оӊдойт деп үмүт арткан депутаттар элдин эсебинен өздөрүнө комфорт түзүү менен убара. Долбоор 2-окуудан өтпөй калды, 36 депутат колдосо, 74 депутат каршы добуш беришти. Үй-машинасы жок сапаттуу иштей албай калабыз дегендер эми уят болбой сапаттуу ишин элге көрсөтүшү керек. Жеӊилдиктен баш тартууга каршы болгондордун көбү КСДП, "Кыргызстан" фракцияларында. Кимдер экенин эл эсине түйүп алышы керек, кийинки шайлоолордо кереги тиет...

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш ишинин алкагында Биринчи Май райондук сотунда кезектеги сот отуруму өттү. Күтүлгөндөй эле процессти фото жана видеого тартууга уруксат берилген жок. Адвокаттар Чотоновду үй камагына чыгарууну өтүнүп, судья өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Жактоочулар шаардык сотко арызданып, мындан улам райондук соттогу процесс убактылуу токтотулду.

Текебаев камаларына көзү жеткендей, тарыхты эскертти. Судьяга карап: "сиз мени соттолсун деп 10 жолу чечим чыгарсаӊыз да, эл ишенбесе чечимиӊиздин күчү болбойт. Убагы келет, Исмаил Исаков, Феликс Кулов сыяктуу акталып чыгам", - деди. Куловго 2000-жылы кылмыш иши козголуп, алгач 7 жылга, 2002-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. 2005-жылкы революциядан кийин саясий куугунтуктун курмандыгы катары эркиндикке чыгарылып, сот тарабынан акталган. Ал эми Исмаил Исаков 2010-жылдын январында соттолуп, 7-Апрель революциясынан кийин эркиндикке чыккан. Экөө теӊ түрмөдөн чыгып, түз эле бийликке келишкен. Текебаевдин камалышын кадимки кылмыш иши деп дагы, бийликтин күчтүү оппонентине каршы саясий куугунтугу деп эсептегендер дагы бар. Сот процессин фото, видеого тартууга уруксат берилбей, Текебаевдин сөздөрүн жалпы элге жеткирбөө аракеттери бул иштин жүрүшү кимдир-бирөөлөрдүн такай көзөмөлүндө экенинен кабар берет. Мисалы, Текебаевдей эле "коррупция" боюнча айыпталган экс-спикер Ахматбек Келдибековдун, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун сот иштери ачык эле өткөн. Айырмасы эмнеде? Алар президенттик команданын күмөндүү иштерин ачыктап, улам жаӊы маалыматтарды таап коомго жарыялап бийликтин уйкусун бузган Текебаев эмес эле. Бийликке коомдо сын-пикир күчөй элек учур болчу. Мурдагы сот жыйынында башкы "ата мекенчинин" адвокаттары кылмыш иши менен таанышууга 2 апта убакыт сурап, судья 3 гана күн берген. Бүгүн Чотоновдун адвокаттары кийинки инстанцияга арыз берүүнү чечүү үчүн мыйзамда каралган 10 күн мөөнөттү сурады эле, судья 2 саат гана берди. 1 же 2 күн эмес... Бул аракет бийлик Текебаевди эртерээк соттоп, алдыдагы маанилүү оюндан чыгарууга канчалык кызыкдар экенинен гана кабар берет. Сот жыйынтыгы бул ирет айлап-жылдап күттүрбөй тургансыйт...

2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортунун жанына Түркиянын Боинг учагы кулап Кыргыздын 35 жараны каза тапкан. Бүгүн өкмөт ошол маркумдардын жакындарын Түркияга, туристтер баса калып барган Анталияга эс алууга жөнөттү. Оор кайгысын унуткарып, стресстен арылып келсин деген максатта. Тагдырдын тамашасыбы, айтор, Дубайга же Таиландга эмес же өзүбүздүн берметибиз Ысык-Көлгө эмес, 35 үй-бүлөгө оор жоготуу алып келген учак таандык болгон өлкөгө жөнөтүштү. Балким, Түркиялык компаниянын Боинг учагы менен учуп кетишти. Эс алууга жөнөтүлгөнү, албетте, жакшы. Бирок жабыркагандарды болуп өткөн окуядан алыстатып, оор кайгыдан жеӊилдетүүгө ылайыктуу башка өлкөлөр деле табылмак. Белгилей кетүүчү жагдай, Түркия тарап азыркыга чейин жабыркагандарга толук компенсация төлөй элек. Кыргыз өкмөтү март айында "Түркия тарап компенсациянын бир бөлүгүн, 42 миллион сом которду" деп билдирип, экинчи бөлүгү жакында которуларын жар салган. 2 айдан ашты, экинчи бөлүгүнөн дайын жок. Биринчи-вице-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев каза тапкандардын туугандарын Түркияга узатып жатып өкмөттүк комиссия сүйлөшүп жатканын, компенсация маселеси жакында чечилерин убада кылды. Жабырлануучулардын Түркияда эс алуусу 35 өмүр үчүн компенсацияга айланып кетпесе болгону...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан