Бүгүн, 15-майда Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында оор атлетика боюнча өлкөдөгү мектептер арасындагы мелдеш башталды. Спорттук иш-чара 10 салмактык категорияда өтүп, ага бардык облустардан келген 80 окуучу катышууда. Мелдеш эртең, 16-майда соңуна чыкмакчы.