Нарында дарыянын жээгинде аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазган тургун кайда экени белгисиз болууда


Кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазган тургун кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Токтобек Шонкоев билдирди.

"Нарын шаарынын Москва көчөсүнүн 1971-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну дарыяга коюлган асма көпүрөнүн жанында телефон аркылуу сүйлөшүп отурганын жашоочулар көрүшкөн экен. Кызы менен байланышса, ал "эмне кылып жүрөсүз үйгө барыңыз" деп айтыптыр. Ошондон кийин ал кызы менен аялына "мен кеттим" деп SMS-билдирүү жазыптыр", - деп билдирди Шонкоев.

Изделип жаткан тургун психикалык жактан жабыркаган эмес. Ал буга чейин жол курулуш тармагында иштеп, 3 күн мурда айлык маяна алганы айтылууда. Куткаруучулар тургунду издөөгө чыгып, таба алышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kushtari
2017-06-09 11:47:13
Аман болсун иншааллах бул асма копуро ташкомурдого?
0
Aki-meki
2017-06-09 12:18:25
kushtari, нарында эле, мен нарындыкмын.
+2
adimyrza
2017-06-09 12:48:00
kushtari,Таш комурдогуго окшобойтко,суунун жеектери да башкача
+2
imanberdi98
2017-06-09 12:06:41
Табылып калаар
0
33SUUN
2017-06-09 14:24:54
Кеткен болсо чек ара кызматкерлеринен сураштырыш керек биринчи кезекте.
+1
ilgizk
2017-06-09 14:44:47
мээсин жесе керек да аялы дагы,коркутуп жаткандыр менин кадырыма жетсе экен деп...
-3
raykray
2017-06-12 19:59:33
ilgizk,Ошо жарашабы ЭРКекке?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан