Шавкат Мирзийоев Алмазбек Атамбаевге Астанада "Биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш" деди

9-июнда Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуунун алкагында президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мирзийоев Атамбаевге: “Сиздин Самаркандга жасаган сапарыңыздан кийин мүмкүнчүлүк болгон сайын жолугушуп турушубуз жакшы салтка айланды. Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы, алдыга жылыш үчүн биз бардык күч аракетти жумшап жатабыз”, - деди.

“Биз сизди расмий сапар менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырабыз. Арадан өткөн жарым жыл алдыга жылыш үчүн жакшы негиздер бар экендигин көрсөттү. Эгерде биз ишкерлер коомчулугун бириктирсек, чындыгында жакшы ийгиликтер жаралат. Эң негизгиси биздин ортодо чек ара болбошу үчүн бардык аракетти жасашыбыз керек, биздин чек араларыбыз ачык болууга тийиш”, - деп белгиледи Мирзийоев.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Мирзийоевге Өзбекстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бардык олуттуу тармактарда кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоо боюнча биргелешкен активдүү иштерге даярдыгын билдирди.

Атамбаев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боордош эки элдин жыргалчылыгындагы достуктун жана тынчтыктын чек арасы болууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен тиешелүү ведомстволорго кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүүгө тапшырма берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан