СОБРдун командири: "Сооронбай Жээнбеков Июнь коогалаңында эки элди ынтымакка чакырып, тынчтыкты камсыздаган"

2010-жылдагы Июнь коогалаңы тууралуу ИИМдин Түштүк аймагы боюнча атайын операцияларды аткаруу командири, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын СОБР командири болуп турган Камчы Зикиров мындайча эскерет. Анын айтымында, 2010-жылдын 10-июнунда түнкү саат 22:30-23:00 чамасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн коркунуч сигналы келген. “Дароо эле Ош шаарындагы өзүбүздүн бөлүмгө келдик. Ошол учурда нөөмөттө Болот Нааматов деген жигит турганын көрдүк. Аны менен чогуу өздүк курамдын балдарын топтодук. Балдарды алып, Ош облустук ИИБ имаратына бардым. Катарга тизилүүнү аянтта кылабыз дегенинен улам биз Ош шаарынын борбордук аянтына, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын көздөй бардык. Өздүк курамды алып аянтка барсак, ал жерде ошол убактагы Ош ОИИБинин жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Таалай Акбаев жана губернатор Сооронбай Жээнбеков турушуптур. Сүйлөшүп турганыбызда аянтка айнектери сынган 1-2 жеңил унаалар келип калды. Алар "Алай" мейманканасынын жанында өзбек улутундагы адамдар тосуп алышып өткөрбөй жатышат, биз качып өтүп келдик" деп айтышты. Ошол эле замат Сооронбай Шариповичтин көрсөтмөсүнүн негизинде өздүк курамды алып “Алай” мейманканасына бардык. Жээнбеков бизге "элди тынчтык жолу менен таркатып, баш аламандыкка жол бербегиле" деген буйрукту берди", - дейт Зикиров.

Анан алар «Алай» мейманканасына автобус менен барышканын, ал жакта Навои менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде эл аябай көп чогулуп, темир тосмолор менен жолду тосуп, ызы-чуу болуп турушканын билдирет. Чогулган эл ошол жердеги күйүүчү май куюучу жайдын, филармониянын бир аз бөлүгүн өрттөп да жиберишкенин көрүшөт. Ал жерге Ош ШИИБинин башкармалыгын башчысы, полковник Ш.Зулимов, анын орун басары Р.Усманов да барышкан. Алар чогулган эл менен сүйлөшүүгө аракет жасашканы менен, эч кандай майнап чыккан эмес. Анан бир маалда Ш.Зулимов башы жарылып чыкканын эскерет Камчы Зикиров. Чогулган эл милиция кызматкерлерине таш ыргытышат. Акыры аларды милиция кызматкерлери Шайи-Төбө көчөсү тарапка кубалап таркатышат. Анан түнү менен ал жерди кайтарууга алышат.

Таң атканда Зулимов ошол жерде жакын жайгашкан студенттердин жатаканасында студенттер калып калганын билдирет. Муну уккан Сооронбай Жээнбеков ал студенттерди чыгарып, облустук администрациянын ары жагындагы залга алып келгиле деген буйругун берет. Натыйжада студенттер бошотулуп, айтылган жерге жайгаштырылат. "Андан кийин Сооронбай Шарипович ошол жерден жолугуп, “Черемушка” районундагы “Сема” балдардын жатак мектебинде окуучулар мугалимдер менен кошо калып калгандыгын айтып, чыгаруубузду буюрду. Аскер бөлүгүнүн кызматкерлери алардын оор техникалары менен кошо барып, окуучуларды жана мугалимдерди автобустарга салып, аскер бөлүгүнө алып барып жайгаштырдык", - деп белгилейт Камчы Зикиров.

Анын эртеси 11-июнда облустук оорукананын имаратын кайтаруу буйругун аткарышат. Ал жерге барганда дагы анын жанындагы жатаканалар, жатаканадагы эл менен анын артындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын кошо тынчыраак жерге алып чыгуу үчүн Фуркат айылына алып барып жайгаштырышат.

Анан 12-июнь күнү шаарда "Өзбекстандан 2000дей согушчан Ошту көздөй келет экен" деген каңшаар кеп тарайт. Мындай кепти уккан айрым ошол убактагы чиновниктер Ош шаарынан үй-бүлөсүн алып качышканын эл азыр да айтып жүрүшөт. Ал чиновник азыркы тапта да сыртта качып жүрөт. Ал эми Сооронбай Жээнбеков тескерисинче элге тирек болуп турат. Өздүк курамдын балдары керектүү ок-дарылар менен камсыздалып, ИИБинин имараты курчалып, посттор коюлат. "Эртең менен таң атып калган кезде ошол учурдагы губернатор Сооронбай Шарипович өздүк курамды алып, шаарды кыдырып, элден кабар алуубузду айтты. Өздүк курамды полктун автобусуна салып, Акбаев да биз менен чогуу чыгып, Ак-Тилек, Черемушки жана Юго-Восток кичи райондорун айланып, элдин коопсуздугун камсыз кылдык. Ошол убакта Жээнбеков облустун губернатору катары эки элди ынтымакка чакырууда, элдин биримдигин сактоодо абдан чоң салымын кошкон", - деп эскерет Зикиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
nurbekasr
2017-06-10 14:20:24
СОБРдын командири,дагы эмне кылган Сооронбай?Колуна автомат алып душмандар менен эбегейсиз согушбады беле Сулайман тоонун боорунда?Көкүрөгүн өзбектердин өгуна тоскон деп айта берсен да болмок экен биротоло.Соке президент болот десе эле подхалимство кылып ар нерсени былжырай беришет экен да.Ошту М Мырзакматов жана мен Кыргызмын деп кыргыз элине күйгөн эр азаматтарыбыз сактап калышты го,өз өмүрлөрүн курман кылышып.
+14
Tunerbei1812
2017-06-10 14:48:01
Апенди кызын мактагандай эле кеп болуптур.
+9
amirrus
2017-06-10 14:59:35
ахматбек келдибековду коргонмун козум менен элдерден кабар алып элди аралап жургонун а бу кишини укбаптырмын
+4
Muslim_KGstana.
2017-06-10 15:07:26
Президенттик шайлоого убакыт келе жатат да/бул али башталышы.Эртен Ошту гулдой кылып шаар кылган ушул акабиз деп чыгышат потхалим укалари.
+10
CEO
2017-06-10 15:43:37
Ташиев, С.Жапаров, Келдибековдор Ош коогаланында эл менен жургон, Ташиев Жалал-Абадда коогаланды тынчтык жолу менен чечууго аракет кылган. Ошол учун 2010-жылы кузундо ЖК шайлоодо Ата-Журт партиясын колдоочулары коп болгон...

Ал эми Жээнбеков кайда жургонун озу эле билбесе эл билбейт! Жээнбековдор кайра жабыркагандарга болунгон акча боюнча айыпталып журушот эле го жеп койду деп. Жанторо Сатыбалдиевге да кылмыш ишин эч ким козгободу, 5-6 миллиард сомдун дайыны чыкпаса да.
+8
Jigit80
2017-06-10 15:49:25
Ушунчалык айтипсин озбекстандан келген 2000 дей согушчанды Жээнбеков озу жалгыз кууп кетирген деп койбопсун
+10
jbolotov
2017-06-10 16:02:40
Ызы чуу болуп атканда ошол убактагы коргоо министри болгон Исаковду кайда десе Ыссык колдо журуптур деп радиодон оз кулагым менен уккам. Кийин депуттатардын отурумунда мен кыйраттым ошондуктан силер тынч отурасынар ушул жерде деген)) Оштогу ызы чууну Ташиев басканын ошол жерде жургон жигиттерден уккам
+7
Munarbek1988
2017-06-10 16:46:04
Мен Алай гостиницанын алдында бир эки муш жеп общижитияга качып киргем ал жерде кандай болгонун жакшы билем тунку саат 10 дон отуп калганда тан атканча милиция кызматкерлери келбеген.
+5
Munarbek1988
2017-06-10 16:46:42
Ошол убакта общижитияда жашагандардан сурасанар жакшы билишет бийликке да зв кылганбыз буйрук келбей жатат деген гана жооптор менен чектелген
+4
ady-88
2017-06-10 18:27:35
ХХХ да чеги болотго. Эмне болгон жеенбеков жургон ош окуясында Эч тушунбодум. Ош окуясында Мелис Мырзакматов Камчыбек Ташиевтер журду элего. Калпты кичине окшоштуруп айтса боло. Эл ишенет деп эле урдура бербей.
+7
jibew
2017-06-10 20:50:58
Ай ай аргасыздан кулкун келет да ээ...
+2
bektank
2017-06-11 17:54:03
июнь окуясында башы көрүнүп калган чоңдордон Садыр Жапаров.Камчыбек Ташиев.Жылдыз Жолдошева.Ахматбек Келдибековтор эле келген анан Оштун эл башчысы болуп Мелис Мырзакматов жүргөн калган бирөөсүда келген эмес эл билет баарын ким кантип жардам бергенин каякта жаргөнүн анан эле уялбай ушинтип чыга калышат.Мен баа бергеним Садыр Жапаров болду өзү Көлдөн болсода жүрөгү кыргыз деп соккон чыныгы мырзасы экен түндүктөн келген жалгыз адам ошол кимдин ким экени ошондой убакта билинет
+1
adilbars
2017-06-11 20:42:34
Карандай калп! Эми эстен чыгып баштаган кунду эске саласынар! Булар Алишер Сабировго обладминистрациядан шарт тузуп берип, ал бут дуйного кыргызды жырткыч кылып корсотууго жетишкен эле. Ал эми чынында ошондо кызматта отургандын баары элге жардам бере албаган, качышкан оздору! Анан туугандарга курал жарак таркатышкандар да журот бийликте бугун! Ошондогу айрым кызматы барлар эл менен аралашып жургондору да болгон, кийин иштен куулушту го! Шаарды бербейм деп тике тургандар азыр жок бийликте!
+1
-NURIK-
2017-06-12 10:19:09
Ташиев, Курсан Асанов, Толкунбек Шоноев деген да жигиттер бар тынчтыкты сактоого сплымы бар. Аларды да айта кеткиле.
0
NURSAPAR
2017-08-09 15:14:15
Коооой ээээ чык эшикке!!!!! Кайдагы жомок фуууу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан