Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге талкуунун катышуучуларынын бири Назира Бегим билдирди:

"Улуттун келечегин ойлоп ушул маселени алып чыктык. Бул жерде 4 же андан көп аял алууну эмес, 2 аял алууну мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Референдум өткөрүү боюнча да сүйлөшүп жатабыз", - дейт.

Бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө Чубак Жалилов бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй экенин жана экинчи аял алуу менен түгөйлөр ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айткан.

"Бул нерсе мыйзамдаштырылса, экинчи аял деле биринчи аялындай эле укуктарга ээ болот. Экинчи, демек, кызматкер катары ал үйгө барат деген туура эмес. Аял балалуу болгондо жүдөп өзүнө, күйөөсүнө көӊүл бура албай калат. Экинчи аял болсо, биринчи аялда өзүн каранып жүрүүгө "иммунитет" жаралат. Ден соолугуна да, күйөөсүнө караганга да жакшы болот", - дейт Чубак Жалилов.

Чубак Жалилов: "Эки аял алуу диний маселе эмес, улуттук көйгөй"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (119)
barakcha
2017-06-11 13:41:52
Байлардын политикасы.Азыр жаш кыздар крутой чалдарга тийип,уй машина ж.б алдырып туруп кидайтетип кетип атышат.Мыйзамдаштырып туруп уйлонушсо,алып берген (уй машина,ж.б).Сот аркылуу тен экиге болунуп калат.Бул жерде болгону жаш токолум мени пайдаланып туруп таштап кетпесин дегендер...
+5
Leilektik
2017-06-11 14:37:12
Жакында кочого чыгып калат екенбизда эки аялды жетелеп,ошол алган аялдарыбыз эле бири бирин тушунуп жашаса эле баары жакшы болот,атан гору не деп койдум бир аялды багалбайтабыз 2коону кантет экенбиз,акчасы копторго жакшыле болот екен
+2
bayana1987
2017-06-11 15:04:34
Референдум өткөрүшөт имиш. Кайсы акчага? же референдум бир сомго өтөбү ыя? Расмий бийлик уруксат береби? Эки аялды эмес бир аялды дурустап багып алгылачы биринчи.
+9
barakcha
2017-06-11 15:30:21
2аялды алып швея кылып иштетип койуп эркектер потолокко тукуруп жата бергиле.Байкуш аялдар силерди экоолоп,болбосо учоолоп багышсын.
+8
modern-group
2017-06-11 15:59:04
barakcha, )))) швеяда иштейсинго ээ
-6
Zire12
2017-06-11 15:57:55
Негизи башкасы бүтүп ушул маселе калдыбы дейм да?!! Андан көрө башка толтура көйгөйлөр маселелер бар ошолорду карашпайбы!!! Эмне эки аял алса эле маселеси чечилип калабы?!! Кайра көбөйөт бир аяөы менен бала чакасын багышып алсын. Эгер мыйзамдаштырса эки аял алууга укугум бар деп чыгышат эртен эле!!
+4
Zire12
2017-06-11 16:04:00
Ошо референдум өткөзгөн акчага айылдарга ишкана ачып иш орун түзүп бергилечи!!! Референдумга эч ким барбайт Андан да башка көйгөйлөрү бар элдин!!
+5
AiNuR_777
2017-06-11 16:50:47
Оздору ала берсин Кыргыз байыса катын алат болбой... биринчиден уй було бузулбасын, балдар орто жолдо калбасынчы.
+2
Umka636589
2017-06-11 16:51:30
Алгысы келгендер мыйзамдаштырбай эле ала беришсин,тим эле мыйзамдаштырабыз деп,башка тема калбай калдыбы,анда 2айалы болгондор куйоосуз балдары менен жесир калган ,же болбосо оорулуу,жардамга муктаж аялдарды алышсын,ошонтип мыйзамдаштыргыла.
+4
jazmina909090
2017-06-11 22:31:01
Өзбек байыса там салат,кыргыз байыса катын алат болуптур го бул жагы.Өздөрү кашкалдак болуп жүрүшөт да 2катынды ким коюуптур.Баарыны коюуп эчкини сой болду го.Өлбө жаным өлбө деген заманда.....
+3
Revolyutsiya2
2017-06-11 23:12:46
jazmina909090, олондуу жерде мал семирет, олумдуу жерде молдо семирет болуп жатат окшойт бул жагы...
+2
tatynaaiym
2017-06-11 23:48:49
Чубак Ажыны мактап,Куйоомо ошонун маселесин ук деп журупмун.Ото жанылышыпмын.Бул айтканына эч качан кошула албайм Жана ото туура эмес.А эмне 2катын бага алгандын 1чи катыны Адам эмеспи ал байкуш деле куйоосунун жалгызы болгусу келет.Мыйзамдаштыргысы келгендер билип койсун,эч качан бул нерсеге жол бербейби!!!
+2
AKCAHAT
2017-06-12 00:02:56
ХХХ тажатты ар демкени айтышып. Катын албай кечке ушудан коро сапаттуурак жол курганды, завод фабрика ачканды талкуулап референдум откорбойбу. Башкалар алдыга карап онугушот булар артка жапайычылык орто кылымга суйрошот
+2
mandalak
2017-06-12 08:26:39
Аялдар сыртынан калп эле мындай болбойт эркектерибизге эки аял эмес озун эптей албайт азыр аялдар биз багып жатабыз деп куйумуш эткени болбосо ичинен унубуз кудайга жетсе экендеп жатса керек) эми Мустафа, Жамшудка же Максимге турмушка чыгат турбайбызбы деп ) ушул мыйзады тим эле койсо деймда эки аял алабыз деп мыйзамдашып калса кыздарыбызды таппай калып журбойбузбу ыя корунгон улуттан биздин кыздарыбызды берип турасынарбы деп жалдырапчы) кокус мыйзамдаша турган болсо Кыргыздарга гана иштелсин
-3
nazika92
2017-06-12 11:02:08
2 аял алууну колдогондор-караңгылар! Биротоло тоого көчүп кеткиле, цивилизация дегенди унутуп( ушунчалык караңгы адамдардын бар экенине өкүнүчтөмүн).
+4
nurik-95
2017-06-12 11:52:59
Бул дагы бир синий кит сыяктуу эле палитика экенда э ошондо элди эн койгойлуу нерсе менен алектетип жеп чычарларга асылышпай калышат бул нерсени саясат деп коюшуптур элди которулуп кетпесин деп эле алаксытыш болбосо эл жакырлана баштады мурдагыдай жашоо жок азыр,баардык нерсе кымбат эптеп кун откоросун бул дагы бир палитикада.
+2
shalpak
2017-06-12 15:31:38
молдокелер элди кайра орто кылымга тартып жатышкан турбайбы...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан