Бүгүн, 12-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Акыркы жылдары Кыргызда 2 аял алууну мыйзамдаштыруу аракети “албарсты бастыга” айланууда. Кагаз жүзүндө мыйзам жол бербегени менен, иш жүзүндө токол алуу кыргыз коомчулугунда кадимки көрүнүш болуп бара жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, 2 же андан көп аял алгандар 2 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Бул берененин алкагында козголгон кылмыш иштерин бириндеп гана санаса болот, сотко ишке ашканы дээрлик жокко эсе. Бул маселени оболу жогорку деңгээлде 2005-жылдагы Март окуясынан кийин Юстиция министри болуп келген Марат Кайыпов көтөрүп чыккан. 2007-жылы Жогорку Кеңеш көп аял алуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жазасын жоюуга каршы добуш берген. Анда депутаттар “Кыргыз мусулман өлкөлөрүнө теңелбеши керек” деп чыгышкан болчу. Министр коомчулуктун да чоң сынына кабылган. Анткен менен 2010-жылы Апрель окуясында президенттиктен куулган Курманбек Бакиев Беларуска эл көзүнө чыгып жүргөн аялы Татьяна Бакиева менен эмес, жаш аялы жана андан төрөлгөн бала-чакасы менен кеткени ачыкка чыккан. Бир кезде мамлекетти башкарган адамдан тартып, азыркы айрым бийлик өкүлдөрүнүн же ошол эле парламентте отурган эл өкүлдөрүнүн, ар түрдүү тармактагы атактуулардын жана кээ бир акчалуу-мансаптуулардын канча аялы бардыгы карапайым калкка деле жашыруун эмес.
10-июнда Бишкекте 2 аял алууну мыйзамдаштыруу тегерек столдо талкууланып, бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгы белгилүү болду. Талкууга чакырылган диний аалым Чубак Жалиловдун сөзү талаш-тартышты жаратып жатат. Ал маселени диний аянттан социалдык аянтка алып чыгып, көп аял алуу учурда Кыргызда диний эмес, улуттук көйгөй болуп жатат деп чыкты. Эгерде бул маселе мыйзамдаштырылса, диний аалым “сойкулук маселеси чечилип, көп балалуу болууга жол ачылмак, мыйзамды кайра киргизүүгө аракет кылуу керек. Бул баары бир түбү кабыл алынчу мыйзам” деди. Чубак Жалилов салыштырууга да өтүп, эркектер аялдарга караганда ар кандай шарттарда көп курман болорун, атып өлтүрүлгөн 4 депутаттан баштап революция, жол кырсыктары, кылмыштар, Орусиядан өлүп келгендер, камалып жаткандардын көбү эркектер болуп жатат деп эсептеди. Светтик бийлик коомчулукту түйшөлткөн социалдык, адилеттүүлүк маселелерин чече албаса, маселени "башка" күчтөр "башкача" жол менен чечүүгө кирише турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш...
Президент Алмазбек Атамбаевдин кайрылууларында айтылып кетүүчү “оттуу” сөздөрүнө Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш да күбө болду. Расмий жолугушуу учурунда өлкө башчы өз сөзүндө 1 эмес, 2 жолу өз өлкөсүнүн жарандарын, тактап айтканда, айрым саясатчылар менен журналисттерди, алардын иш-аракетин “дерьмо” деп атап, сындады. 200гө жакын мамлекет мүчө болгон Жер шарындагы эң абройлуу эл аралык уюмдун башчысын кабыл алууда ушундай этикалык нормаларга сыйбаган сөздү айтуунун орду жана убактысы беле? Муну таразалап көрүүгө президент мырзада кызматтык мөөнөтү бүткөн соң убактысы кенен болот. Андан ары президент башкы катчы менен болгон Мюнхендеги жолугушуусун эске салып, Антониу Гутерриштин ошондо Кыргызга сапары менен бара электигине өлкөнүн көйгөйлөрү жок экендигин айтканын билдирди. “Башкы катчы барышы керек болгон көйгөйлүү өлкөлөр көп экенин айткан эле” деди Атамбаев. Гутерриш Ош шаарында жана Жалал-Абадда болгон кандуу Июнь окуясына 7 жыл болгонун эскерүүгө катышып, ага чейин Өзбекстанга барып соолуган Арал деңизин көрүп нес болгонун билдирди. “Арал деңизи – бул биздин замандын эң чоң экологиялык катастрофасы” деди башкы катчы. Атамбаев БУУнун башкы катчысы барып кабар алуучу көйгөйлүү өлкөлөр көптүгү тууралуу сөз баштап, кебинин аягында Гутерришти Кыргыз өлкөсүнө бат-баттан каттап турушун каалай турганын айтты.
Мамлекет башчы акыркы 5-6 жылдык кыска тарыхка да көз чаптырып, ири ишкана, завод курулбаганын, нефть жана газ кендери ачылбаганын билдирди. 2010-жылдагы Июнь окуясы тартылган тасмадан өзүн кара чачтуу жана жаш болгонун көрүп, 7 жылдын ичинде өлкөнүн көйгөйлөрү эмес, саясатчылар жана журналисттер арасындагы боктор нервин коротуп, канын ичишкенин айтып даттанды. Өлкө башчысы президенттик кызматка киришкен алгачкы жылдары мамлекетте чечилбей жаткан кыйынчылыктарды, өнүгүү болбой жатканын үчүнчү күчтөрдүн аракеттери катары айыптап келген. Президенттик мөөнөтүнүн аягында өлкөнүн экинчи революциядан кийин деле жашоонун жакшырып кетпегенине, кара чачын агарткан айрым саясатчылар менен журналисттер күнөөлүү болуп чыгышты. Хандык тактынын мансабы канча болсо, жүгү да ошончо экенин ажо мырза кабыл алгысы келбей жаткан көрүнөт...
Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев SUPER.KG порталынын түз эфиринде болду. Шардыгы менен айырмаланган жаш депутат "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев, экс-депутат Садыр Жапаров тууралуу, сот реформасы боюнча пикирин ачык-так айтып жатты. "Текебаев менен Жапаровду күнөөлүү деп эсептебейм. Убагы келгенде экөө теӊ акталып, саясатка кайтып келерине ишенем", - дейт ал. Азыркы парламентарийлер арасынан минтип ак-кара тууралуу пикирин так билдирүү алакан чабууга арзырлык иш. Көпчүлүгү "күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот чечет" деген көнүмүш жоопту айтып, жаран же кесиптеш катары оюн айтууга батынышпайт. Президенттин микрофонун өчүрүп салуучу, депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы менен УКМКнын жетекчилерин отставкага кетүүгө аргасыз кылуучу Жогорку Кеңеш азыр өзүнүн саясий миссиясын сезбей калган. Андай күчүнөн айрылып, күн карама парламентке айланган. Парламенттин кадыры түшүп кеткенин Жанар Акаев да моюнга алып азыркы Жогорку Кеӊешти "бир кишинин көзүн караган орган" деп атады. Акаевдин пикиринде, парламенттик шайлоодогу партиялык тизме жаштардын саясатка аралашуусуна бут тосууда. Эртеби-кечпи бир мандаттуу округдан депутаттыкка шайлануу ыкмасын калыбына келтирүү аракеттери жасалышы керектигин, депутат болом деген адамды сөзсүз бир партияга байлоо туура эместигин белгилейт.
Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым өтө чоӊ экенин айткан депутат соттук реформаны мисал кылды. Жакында президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жеринде соттук реформа ийгиликтүү ишке ашканын жар салган эле. Жанар Акаев президенттин "сот системин реформаладык" дегенин укса соттор өздөрү күлөт деп эсептейт. Бийликтегилердин күчү, энергиясынын көбү өлкөнү өнүктүрүүгө эмес, бирөөлөрдү каралоого, камоого, жаманатты кылууга жумшалып жатканын айтып, "азыркылардын Грузия, Эстониядагыдай реформа жасоого жөндөмү да, эрки да жетпейт" деди. Депутаттын айтканында чындыктын үлүшү бар. Реформа деп башталып, аягына чыкпай кагаздарда калган долбоорлор четтен саналат. Жол-кайгуул кызматынын жоюлуп, Патрулдук милиция болуп түзүлүшүн өкмөт ички иштер тармагындагы ири реформа деп атаган. Убадаланган жыйынтык боюнча, Патрулдук милиция иштей баштагандан тарта жол жээгиндеги паракорчулук тыйылып, жол коопсуздугу жакшырып, эреже бузгандар кескин азайышы керек эле. Андай болгон жок. Жолдор оңдолсо да, жол коопсуздугу оңолбоду. Соттук реформа ийгиликтүү ишке ашкан болсо, Текебаев, Жапаров өңдүү саясатчылардын сот процесстери толугу менен ачык-айкын өтүп, сот системинин, соттордун элден жашыра турган нерсеси болбойт эле...