ЖЫЛНААМА, 12-ИЮНЬ: "Туулган күнүмдө Орусия менин туулган күнүмдү белгилеп жатат деп тамашалап калам" дейт Азиз Мурадиллаев

Бүгүн, 12-июнда актёр Азиз Мурадиллаев 39 жашка толду. SUPER.KG порталы актёрдун жеке майрамы менен куттуктоо үчүн байланышканыбызда ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүндө маанайы жакшы экенин билдирди.

Айтымында, бүгүн алгачкылардан болуп Мурадиллаевди келинчеги куттуктаса, ага удаа эле апасы телефон чалып, жакшы тилектерин билдирген.

"Туулган күнүмдө маанай жакшы. Ооз ачыруу үчүн үйгө туугандарыбызды чакырганбыз. Негизи ар жылы туулган күндөрүм ар кандай шартта өтөт, бул жылы орозо айына туш келди. Бала чактагы туулган күндөр буратино лимонады, таттуулар менен эсте калды. Менин туулган күнүм Орусиянын күнү менен бир датада. Москвада окуп жүргөн студенттик күндөрүмдө шаардагы жөө жүрүш, акцияларды "Москва менин туулган күнүмдү белгилеп жатат", - деп тамашалап калчумун", - дейт ал.

12-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
akil.91
2017-06-12 21:28:11
Койгулачы, мен такыр 47 жаш деп ойлобогом...
+1
aravan.kg
2017-06-12 22:35:24
Туулган кун ХХХ Жапаровдун соту эмне болду Админ жазгылачы суранам
-5
admin_superstan
2017-06-13 13:09:15
aravan.kg, бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/191075/
0
Iman.301016
2017-06-12 22:36:55
Бугун менин да оздук майрамым, 22 жашка толдум
+1
jbolotov
2017-06-12 23:49:57
Курманжан даткадагы Алымбек датканы аткарган беле? Каарманды жакшы эле аткаргансыз. Режиссер начар бирок
0
Birimdik5555
2017-06-13 00:01:12
Туулган кунунуз менен! Мындай жаштан копту жашаныз дагы
0
Aidan88
2017-06-13 05:36:41
Tuulgan kununuz menen !den soolukta bolunuz ui bulonuz menen bar bolunuz ,dagy koptogon tasmalardan kutobuz .
0
aliakg90
2017-06-13 20:11:37
туулган кунунуз менен чыгармачылык ийгилик уй булоолук бакыт чын ден соолук каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан