Үч майрамды бир күндө белгилеген ырчы Анжеликанын туулган күнүнөн фоторепортаж

12-июнда популярдуу ырчы Анжелика Бекболиева 28 жашка толду. Бул күнү ырчы өздүк майрамын эле эмес, чыгармачылыкта жүргөнүнө 20 жыл, жолдошу Урмат Бекболиев менен баш кошконуна 10 жыл толгонун Бишкектеги ресторандардын биринде шаңдуу белгиледи. Майрамдык кечеге түгөйлөрдүн жакын туугандары, достору, ырчынын сахналаш кесиптештери жана кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчылар: Гүлнур Сатылганова, Бактыгүл Бадыева, Съездбек Искеналиев, Нэна, Урмат Усенов, Неля жана башкалар күбө болушту.
Кече шаңдуу бий, ырлар менен коштолуп жатты. 3 майрамды бир күндө белгилеген Анжеликаны бул күнү жакындары гүлгө ороп, ага үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалап, бир ооздон "эми уул төрө" деген каалоо-тилектерин айтып жатышты.

Ошондой эле кечеде ырчынын кайненеси "келинимдин келгенине 10 жыл болуптур. Ошондогу салган сөйкөмдү жаңыртайын. Эмдиги жылы уулдуу болгондогу жакшылыгыңа келейин" деп батасын берип, ырчынын кулагына жаңы алтын сөйкө салды.

Кече соңунда конокторго арналган өзгөчө кооздолгон торт ооз тийүүгө таратылды. Анда түгөйлөр кантип таанышканы, 10 жылда өткөргөн бактылуу күндөрүнүн урунттуу учурлары чагылдырылган.

Майрамдык кече кандай өткөнүн толугу менен жакында Супер ТВ бөлүмү даярдаган видеорепортаждан көрө аласыздар.

Анжелика туулган күнүн белгиледи. 12.06.17.
Анжеликанын туулган күнүнөн шаңдуу бий. 12.06.17.
Анжелика 3 коёнду 1 ок менен атты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (69)
simone
2017-06-13 11:22:58
Уулбу, кызбы болду эми торой албаса керек. Себеби үч кызын тең кесарево сечение менен төрөдү эле го.
-5
shirinai
2017-06-13 11:53:29
Анжелика бактына коз тийбесин. Кана бизде да мумкунчулук болсо ушинтип конок тосмокпуз.
0
Antoshka2016
2017-06-13 11:56:12
Тажатты ушул кыз.Мактанып баскан турганын.Адам бир жолу туулуп.бир жолу эле олот!!!Мындай айтканда ысырапкерчилик...
0
zzari-83
2017-06-13 12:41:34
Ой тообаа,бирөөнүн акчасын эсептетип эле койсо!!!Ой силерге баары бир эмеспи, анын табагына аш салып бербегенден кийин.Кайрымдуулук кылып аткандыр аны бир Кудай билет,анысын мүмкүн жарыя кылбайттыр, аны айтса дагы сын табылышы анык,ушуну эми жашыруун эле кылбайбы мактанбай деп, кыскасы секин басса аксак ,катту басса таскак дейсиңерго...Үй бүлөөсү мн тынч бп, кыздарынын көөп жакшылыктарын көрсүн,артынан чуубуртуп уулдар келсин эми.
+2
admin_superstan
2017-06-13 12:42:27
madina.87, Suzak12, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
-1
admin_superstan
2017-06-13 12:51:36
kanatbekabytovich82, joomart, aisu12345, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
+1
admin_superstan
2017-06-13 12:51:41
laboom, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
strangergirl
2017-06-13 14:27:55
Уваааай мынча ичинер тар, эмне кыласынар Анжеликанын акчасын, чачканын, кайненесин...кылаарга ишинер жок эле андай мындай дееееп...жумуш кооооп иштегиле...Анжеликага да, Айчурокко да чын ден соолук, оорубагыла ананайындар...жакшылык болуп турганга не жетсин...чынбы,коммент калтырган баарынарга ушул жылы той, жакшылык, береке каалайм...
+4
CEO
2017-06-13 14:33:11
Куйоосу Урматты Урмат кылып эл катарына кошуп жургон Анжелика экен. Башта куйоосу чон бизнесмен болуп Анжеликаны котормологон ошол деп ойлочумун. Азыр болсо Анжелика Мухтар Омуракунов, Адыл Бакиев сыяктуу "байкелеринин" жардамы, поддержкасы менен бизнесин жолго коюп алып кетти окшойт деп ойлоп калдым. Чынында иштерман, мээнеткеч, ажарлуу, акылдуу кыз. Анан да амалдуу куу дагы. Анжелика Анжелика болушуна куйоосунун салымы жок деп ойлойм, кайра аны эр кылып алып жургон Анжелика.
-7
Asem15
2017-06-13 15:21:07
Анжелика азаматсын.Мындан ары дагы ишинди ийгиликтер коштой берсин.Коро албагандар суйлой беришсин
0
ksb
2017-06-13 17:05:35
Она так и будет продолжать всем твердить,что она счастлива,успешна и тд,и тп. Как она выглядит жалко,для тех кто понимает,о чем я.
-1
AzKumFerDan
2017-06-13 18:18:01
Бактылуу болушсун уул тороп ал Эми
+1
Aidani
2017-06-13 18:41:23
Мактанып гезитке чыкпай эле озунчо туула бер да тообо кылдым жакында холодильник стиральная машина да Анжеликаны суйлобосо болду . Урматтуу суйуктуу Супер инфо Анжеликадан башка ишинер жокпу силердин башканы жазгылачы Бегимай Эсенгулова деген кыз такыр жоголду, Добулбас тобу жонундо жазгылачы. Анжелика тушко кирчудой болду го чиркин.
-1
admin_superstan
2017-06-14 11:02:15
Aidani, Саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
aiperiska
2017-06-15 18:43:52
Aidani,эмне ишин бар
0
Aselya_9105
2017-06-14 01:54:44
Ар бир адамдын өз укугу бар, туулган күнүн, тойун кандай өткөрөөрү. Башкысы силердин акчага өткөүп жаткан жок. Өзүнүн ак эмгеги менен тапкан акчага өткөрүп жатат. Эсимде, калп айтпасам былтыркы туулган күнүн балдар үйү, карылар үйүнө белектерин тартуулап, аларга барып кеткен эле.
0
pomposh
2017-06-15 15:17:45
Акылдуу аял кууда боллот. Молодец бактылуу болгула улгулуу уй-було. короалбагандар коп суйлобогуло
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан