2017-жылдын апрель айында №1-СИЗОдо отурган Садыр Жапаров кескиленип, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген эле. Кийин Жапаров элге видеокайрылуу жасап "өзүмө кол салдым" деп билдирип, көпчүлүк ишенген эмес. Активист Мелис Аспеков 13-июнда Жапаров өз өмүрүн кыюуга аракет кылбаганын, ага бирөөлөр кол салганын айтып чыкты. Анын пикиринде, Жапаровго кол салуу болгону 100 пайыз чындык.
SUPER.KG порталына Аспеков буларды айтты:
"Мен жакында эле колониядан чыктым. Убагында Жапаров отурган СИЗОдо 5 ай отургам, ал жерди жакшы билем. Камакта отурганда криминалдык чөйрөдөн айрым адамдар менен таанышып калдым. Алардын жардамы менен Жапаровдун камерасында эмне окуялар болгонун билүүгө мүмкүн болду. Башында ал отурган камерага видеокамераларды коюп, кийин алып салышкан. Окуя болгон күнү Жапаровдун камерасына кимдер кирип чыкканын, кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу маалымат таптым. Адвокаттар, туугандары аркылуу СИЗОдогу адамдар менен сүйлөшүп, далил топтоп жатам. Жакында расмий жарыялайм, коомчулук чындыкты билиши керек".
Аспеков учурда Жапаровдун балдары, бир туугандары да камакта отурганын, бийлик алар аркылуу Жапаровду коркутуп "өзүмө кол салдым" деп айттырышы мүмкүн экенин белгиледи.