ЭЛДИК КАБАР: "Баткендин Кызыл-Бел айылында кенен өскөн "майский" өрүгү быйыл аз түшүм берди" дейт окурман
"Жергиликтүүлөр "Майский" деп атаган өрүк Баткен облусу боюнча Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында кенен өсөт. Учурда мөмөсү бышып терип жатабыз", - деп жазат окурман бүгүн, 13-июнда.
Окурман белгилегендей, бул сорттогу өрүк назик болгондуктан ар бирин кылдаттык менен терип алуу зарыл. Аталган сорттогу өрүк башка өрүктөрдөн эрте бышат. Өткөн жылга караганда бул жылы түшүм аз болду.
"Сырткы көрүнүшү боюнча "майскийге" окшош өрүктөр көп. Бирок алардын даамында айырма бар.Учурда өрүктөрдү Ош шаарына алып барууга даярдык көрүлүүдө. Ошто дүңүнөн 30-40 сомдон сатабыз. Өрүк ширелүүлүгү, таттуулугу жана сыртынан жалтырап тургандыгы менен өзгөчө", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.