ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Токтогул райондук ооруканасында кезек күткөн бейтаптар тажаганда кайра кетип калышат"

"Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул райондук ооруканасында дарыгерлерди кээде 2 саатка чейин күтүп калабыз", - деп билдирди SUPER.KG'нин окурманы.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай абал өзгөчө балдары менен келгендерге ыңгайсыздык жаратат.

"Биз ооруканага келгенде дарыгерлер жумуш орундарында жок болот, чогулуш деп кетип калып 2 саатка чейин келбей калган учурлар болгон. Бирок иш убактылары бүткөндө эч кармалбай, бейтаптарды карабай кетишет. Балдары ооруп келгендерге кыйын эле болууда. Ооруп дарыгерге көрүнүү үчүн келгендер кээде күткөндөн тажап кайра кетип калышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
crazy.monya
2017-06-15 12:22:35
Жумуш убактысы бутсо да иштей бериш керекпи ошондо? Чогулуш кылба деп башкы дарыгерге кайрылгыла
-3
Nendi15
2017-06-16 04:21:39
Башка жерге ишиңер түшүп барсаңар унчукпай күтүп отурасыңар он саат болсо да мисалы сот архив банк ж.б.ушундай жерлерде а врачтарга келгенде арызданасыңар байкуштар эң төмөнкү айлыкты алып дагы иштеп жатканына рахмат ошол сен кезек күтүп турганыңда сага окшоп ооруп келген бир оорулууну көрүп ошого жардам көргөзүп жаткандыр.....күткүн келбесе эрте кел да баарынан эрте көрүнүп кетип кал
0
aiposharysbekova
2017-06-16 10:15:40
Медиктер эч качан жакшы деген соз укпайт экен да. Токтогул кандай чон жер жетише албайтго. Чогулуш, Пятиминутка дегендер болот. Алардын да уй булосу бар дегендей Отурсунбу иш бутсо да. Алган акчасы 5 минге да жетпейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан