15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
Маалыматка ылайык, 1983-жылдан 2009-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин 218 айыл аймагынын 13 478 гектар айдоо аянты турак жай курууга берилип кеткен. Анын ичинде 11 784 гектары сугат жери. Бул жерлерде 42 миңден ашык үй-бүлө турак жай куруп, жашап жатышат.
Буга чейин мыйзам долбоору 1-окууда жактырылган. Бүгүн турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамдын Жогорку Кеңеште каралуусун талап кылган "Трансформация" элдик кыймылынын мүчөлөрү митингге чыгышкан. Мындан улам депутаттар күн тартибине киргизүүнү сунуштаган.