Сугат жерлерди трансформациялоо мыйзамынын Жогорку Кеңеште каралуусу кечеңдеп жатканына нааразы болгондор митингге чыгышты

Ак Үйдүн алдына турак жай салынып калган сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамдын Жогорку Кеңеште каралуусун талап кылган "Трансформация" элдик кыймылынын мүчөлөрү митингге чыгышты. Бул нааразычылык акциясына 40тан ашуун адам катышууда. Алар мыйзам долбоор бүгүн 2-окууга кирип каралуусун талап кылып жатышат.

Аталган кыймылдын башкы координатору Бекназар Айталиев аталган мыйзамдын 2-окуудан өтүүсүн колдоо максатында келишкендигин айтты.

"2009-жылы сугат, айдоо жерлерге турак жай салууга тыюу салган мораторий кабыл алынган. Натыйжада ошол убакта үйү салынып же жер берүү буйругу чыгып, толук чечилбей калган өлкө боюнча 41 миңден ашуун турак жай ээлери бар. Бул маселе 2014-жылы 5-чакырылыштын депутаттары тарабынан көтөрүлүп 2015-жылы кабыл алынбай калган. Кийин өзүбүз "Трансформация" элдик кыймылы тарабынан мыйзам иштеп чыгып, 2016-жылы мартта премьер-министр Темир Сариевдин колдоосу менен Жогорку Кеңешке кирген. Ошол эле жылы 11-майда 1-окуудан өтүп ортодон бир жыл өтсө да 2-окууга кирбей жатат. Айрым депутаттардын интригасы менен токтотулуп жатат окшойт", - дейт Айталиев.

Митингдин катышуучулары фракция лидерлерин, төраганы чыгып элге жолугуусун талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Revolyutsiya2
2017-06-15 14:43:45
Кереги жок, озу Кыргызстан тоолуу олко, биртке сугат жерибизге там салып алып жашылча-жемишти Кытайдан сатып алалыбы?!! Буларга сугат эмес кайракы жерден жер болунуп берилип ошол жакка там салышсын. Сугат жер элге керек...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан