Бүгүн, 16-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Журналист Үпөл Анаркулованы "10 эркекке салып берем" деп коркутуп, мазактаган депутат Жылдыз Мусабекова бүгүн 5-жолу фракциянын жыйынына келген жок. Фракциянын “эл өкүлү ооруп жатат” деген шылтоосу менен депутаттын жаш кызды мазактап, коркутуусу боюнча маселени карайбыз дегенине бир айдан ашты, дале жыйынтык чыгарбады. Эске салсак, Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутуп, мазактаганы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген. Бирок аудиожазуунун монтаждалганы ушул күнгө чейин далилденген жок. Коомчулук андай коркутуу болгонунан күмөн санабай деле калды. Коркутууга кабылган Үпөл Анаркулова депутатка чара көрүүнү өтүнүп президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Кат жазылгандан бери 36 күн өттү. Журналист Маданият министрлигинен гана жооп алганын айтып, бирок ал жооп канааттандырбаганын билдирген. Башка бир да органдан эч кандай чара көрүлө элек. Коопсуз өлкө, сапаттуу тейлөө сыяктуу бийик максаттарды алдына койгон “Таза коомду” түзүүчүлөр ушундай депутаттарынын жосунсуз жоругун тазалай албаганы, же билмексенге салып эч кандай реакция болбой жатканы, жумшак айтканда таң калычтуу.
Жайкы каникулга чейин фракциянын дагы 2 жыйыны бар. Бул эки жыйында аталган маселе каралган күндө да андан адилеттүү жыйынтык күмөн. Мусабекованын кылыгынан "шок болдум" деген фракция лидери Иса Өмүркулов депутаттын келбей жатканын анын ооруп калганы менен байланыштырган. Бирок кечээ депутат айымдын Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондоруна барып келгени маалым болду. Бийликтин Мусабековага кылган мамилесинен бийликтин маданиятын, элге кылган мамилесин түшүнсөк болот. Бул нерсеге көз жумуп жатса, демек, бийлик элге карата жасалган ушундай жийиркеничтүү мамилени колдойт, керек болсо коргойт деп түшүнүүгө болот...