Бүгүн, 16-июнда КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, мазактаганы боюнча маселени караган жок.
Фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына билдиргендей, депутат ооруп калган. “Кечээ ооруп калыптыр. Бул маселени депутаттар каникулга чыкканча сөзсүз карайбыз. Унутта калбайт”, - деди ал.
Кечээ, 15-июнда Мусабекова парламенттин жалпы жыйынына катышып, сүйлөгөн. Буга чейин деле жалпы жыйындарга катышып келет. Бирок ал бүгүн фракциянын жыйынына 5-жолу келген жок.
Айта кетсек, интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованын абийирине шек келтирип, телефондон "10 эркекке салып берип зордуктатам" деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.
Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, Жогорку Кеңештин регламент боюнча комитетинин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган. 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген.