12-17-июнь аралыгында Америка Кошмо Штаттарынын Осуиго шаарында (Нью-Йорк штаты) жылда өтүлүүчү 18 жашка чейинки жаштардын ойлоп табуучулук боюнча "Генийлер олимпиадасы" болуп өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, ондогон өлкөлөрдүн окуучулары олимпиадага катышып, Кыргыз мамлекетинин атын даңазалап "Сапат" билим берүү мекемесинин окуучулары да күч сынашты. "Жыйынтыгында 12 жаштагы Ильяз Талант уулу өлкөнүн намысын коргоп, экологияны коргоо долбоору боюнча алтын медалга ээ болду.
Сынактын негизги максаты - экология боюнча глобалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу. Олимпиадага англис тилин мыкты билген гана окуучулар катыша алышты", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.