ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: Белгилүү тарыхчы Мидил Жамгырчинов 79 жыл мурун төрөлгөн

Кыргыздын белгилүү тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, Орусиянын 15-18-кылымдардагы архивдик маалыматтары боюнча адис, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, педагог Мидил Жамгырчинов 79 жыл мурун, 1938-жылы 17-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ата-теги Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылынан. Уруулук теги - солто уруусунун күнтуу уругунан.
Анын атасы кыргыздын тунгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчинов болгон. Мидил Жамгырчинов Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин 1962-жылы аяктаган. 1963-жылы аспирантурага тапшырып, аны 1966-жылдын апрелинде аяктаган. Аспирантурада окуп жүргөн чагында 16-18-кылымдардагы Теңир-Тоо, Энесай жана Сибирдеги кыргыздардын тарыхына байланыштуу орус булактарынын маалыматын изилдеп, кандидаттык диссертациясын жазган. 1966-жылдын май айынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде түштүк жана батыш славяндар тарыхы боюнча лекцияларды окуй баштаган. Ал эми 1972-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1971-1975-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген.
Мидил Жамгырчинов Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхына комплекстүү изилдөө жүргүзгөн жана башкаларды да ушуга чакырган окумуштуу. Ал Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхын кыргыз тарыхынан ажыратып салууга умтулган. 1982-1984-жылдардагы идеологдорго жана цензурачыларга ачык каршы чыккан, бул жааттагы өзүнүн нааразылык катын Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ошол учурдагы жетекчилигине жазган. 16-18-кылымдарда Жунгар хандыгынын баскынчылыгы күчөп турган чакта бир катар кыргыз топтору Памирге чейин ооп кеткенин, бирок ар дайым Түндүк Кыргыз мамлекетинде кыргыз урууларынын өкүлдөрү кала бергендигин тастыктаган илимий макалалар жарыялаган.

17-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан