ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри Темир Сариев 54 жашка чыкты

Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, саясий ишмер Темир Сариев 54 жашка чыкты. Ал 1963-жылы 17-июнда Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2 жана 3-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ. Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Эмгек ишмердүүлүгү:
1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1984-1985-жылдары Борбордук универмагда жумушчу;
1985-1987-жылдары Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор, экономист, улук экономист;
1987-1989-жылдары Аламүдүн райондук райком комсомолунун жумушчу жаштар бөлүмүнүн башчысы;
1989-1990-жылдары Аламүдүн райондук партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инструктору;
1990-1991-жылдары Аламүдүн райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, аппарат жетекчиси;
1991-1995-жылдары Кыргыз товардык-сырье биржасынын президенти;
1995-2000-жылдары "Тотон" финансы өнөр-жай фирмасынын башкы директору;
2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2010-жылдын апрелинен июнь айына чейин Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары, финансы министри;
2010-2011-жылдары "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы;
2011-2015-жылдары Экономика жана монополияга каршы саясат боюнча министри;
2015-жылдын 2-майынан 2016-жылдын 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.

17-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан