Бишкекте сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтүүдө

Бүгүн, 16-майда Бишкектеги “Fаmily sport” бассейнинде сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталды. Чемпиондукта өлкөнүн аймактарынан чогулган 300дөй спортчу 50, 100, 200, 800, 1500 метр аралыкка жарышууда. “Спорттун сууда сүзүү түрүнө кызыккан жаштардын саны жыл сайын өсүүдө”,- дейт Сууда сүзүү федерациясынын президенти Уланбек Акматбеков. Айтымында, чемпиондуктун жыйынтыгы менен ушул жылдын август айында Барселона шаарында өтүүчү сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиондугуна бара турган спортчулар тандалат. Белгилей кетсек, чемпиондук 18-майга чейин созулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Шаиста Шатманова
2013-05-16 17:53:41
Кызыктуу фоторепортаж болуптур. Кайсы жерде өттү?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан