SUPER.KG'нин түз эфиринде белгилүү саясатчы, Жогорку Кеӊештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин маеги башталды.
14:30. Суроо: Жакында эле Москвага барып келди деп уктук. Кандай жумуштар менен бардыңыз?
Жооп: Москвада экономикалык форум болуп өттү. Ал жерде мен доклад жасадым. Негизи мен азыркы Кыргыз мамлекетинин экономикалык абалы жөнүндө айтып бердим. Азыр Индия мамлекети калкынын саны боюнча Кытайдан да ашып кетти. Ошондуктан биздин көз карашыбызда Азияга көңүл буруу зарылдыгын айтып өттүк. Биздин мамлекетибиз Европа менен Азиянын ортосунда болгондуктан өлкөбүз каржылык, транзиттик борбор болсо өнүгөт деп айттык. Орусияда деле абал оор. Аларга санкция киргизилген. Ошон үчүн Кыргыз мамлекетинин экономикасын көтөрүүнү колго алып иштешибиз керек.
14:32. Суроо: Жай келди. Жакында эс алуу башталат. Эс алууга кандай пландарыңыз бар?
Жооп: Быйыл эс албайбыз, иштейбиз. 15-октябрда президенттик шайлоо болот. Талапкерлер өзүн көрсөтөт, тест тапшырат. Ошол боюнча иштейбиз. Ошону менен бирге депутаттык иштерди алып барабыз. Эл менен жолугушабыз.
14:34. Суроо: Сиз спикерликке талапкерлигиңизди койгондон баштасак. 2016-жылы Канат Исаев экөөңүздөр төрагалыкка талапкерлик коюп, кулап калгансыздар. Бул окуяны көпчүлүк саясий оюн деп аташты. Бул боюнча кандай ойдосуз? Шайлоо таза өттү деп эсептейсизби?
Жооп: Депутаттардын добуш бергенине ишендим. Бирок спикерлик кызмат бийликтен мага берилген жок. Анткени мени колдоп жатканда бир топ депутаттарды коркутуп-үркүтүп алар өздөрү мага добуш бере албай коюшту. Байкасаңыздар ал жерде "баарына каршы" 13, 3-4 жараксыз болду. Биринчиси буйрук, анан мага бийликтен спикерлик берилген жок, тоскоолдук болду.
14:36. Суроо: Ошол мезгилде Канат Исаев сизге каралоо иштерин кылып жатканын фракциялаштарыңыз айтып чыгышты. Канат Исаев менен өз ара сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жокпу?
Жооп: Шайлоонун астында каралоо болду. Канат Исаевдин өзүнө да айткам. Ал мен эмесмин деген. Өзүңүздөр билгендей эки саясатчы урушканда үчүнчү күч дагы колдонот. Бирок ит үрө берет, кербен жүрө берет. Алдыда жасай турган иштер көп.
14:38. Суроо: Азыркы бийликтин оппозицияга болгон көз карашын туура деп эсептейсизби?
Жооп: "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы оппозициялык фракция. Биз өзүбүздүн көз карашыбызды дайыма айтып келебиз. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун отчёт бергенде кемчиликтерин айтып, канааттандырарлык эмес деп таптык. Боинг кырсыгы боюнча, табигый кырсыктар тууралуу да айтып чыктык.
14:40. Суроо: Парламентте оппозиция бир эле "Өнүгүү-Прогресс" фрациясы эмес да. Алардын иш-аракетинен келип чыккан жыйынтык болсо керек. Оппозиция дээрлик жок деп айтылып жүрбөйбү. Сиз кандай ойдосуз?
Жооп: Негизи системдүү оппозиция болушу керек. Көчөдө оппозиция радикал болуп кетиши мүмкүн. Биз, оппозициялык партия парламенттин ичинде сөз сүйлөш керекпиз, саясий чыңалуу парламенттин ичинде болушу керек. Эгер чыңалуу көчөгө чыгып кетсе аны эч ким башкара албай калат. Оппозиция өз сөзүн айта албайт деп, балким, башка фракциялар тууралуу айтышы мүмкүн. Башкаларга мен баа бере албайм. "Ата Мекен" партиясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Калганына эл баа бериши керек.
14:42. Суроо: Садыр Жапаровдун күнөөлүү деп ойлойсузбу? Патриот саясатчы катары бийликке шылтабай өз оюңузду айтыңызчы?
Жооп: Мен патриотмун. Эгер баарыңар патриот болсоңор, Кыргыз мамлекети үчүн иштегиле. Садыр Жапаровдун күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот айтсын. Соттон кийин мен өз оюмду айтам. Анткени эмне күнөөсү бар, эмне күнөөсү жок экенин мен билбейм. Бизге эч кандай документ берген жок. Соттон кийин биз документ ала алабыз.
14:44. Суроо: Бийликке сын айткан саясатчылар соттолуп жатат. Эмне үчүн сиз Кыргыздын келечегин билип туруп, бийликке туура пикириңизди айткан жоксуз? Соттолуп кеткенден коркосузбу?
Жооп: Конституция кабыл алынып жатканда ким каршы сүйлөдү? Ошондо биз, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы каршы пикирибизди айтканбыз. Дача-СУ боюнча биз биринчи көтөргөнбүз. Өмүрбек Текебаевди аэропорттон кармап кеткенде биз биринчи бул зордук-зомбулук экенин айтып чыкканбыз. Мен коркпойм, туура болсо туура деп айтам. Биздин биринчи көз карашыбыз - бул эл. Экинчи көз карашыбыз - бул Кыргыз мамлекетибиз. Уйгур улутундагы элибиз бар алардын мамлекети жок.
14:47. Суроо: 18 жашыңызда ишкерликти баштаганыңызды билебиз. Жаш болуп туруп иш баштоодо кыйынчылыктар болсо керек. Кантип баштадыңыз эле?
Жооп: Ошол учурда атам мекеменин директору болуп турган, Жогорку Кеңештин депутаты эле. Ал жердеги негизги философияны айтарым атаң директор болсо да, депутат болсо да өзүң иштеп акча тап. 18 жашымдан бери талыкпай иштеп келе жатам. Салык төлөйм, жумуш орундарын түзөм. 1-курста окуп жаткан мезгил болчу. Каникулга чыгып Жалал-Абаддагы минералдык сууну сатат элек. Эмнеге директордун баласы суу сатат деп таң калышчу.
14:51. Суроо: Депутаттардын артыкчылыктардан баш тартуу боюнча мыйзамга эмне үчүн каршы добуш бердиңиз?
Жооп: Ал популисттик мыйзам болчу. Биз буга чейин эле токтом менен чечип койгонбуз. Жардамчылардан, батирлерден, машиналардан баш тартканбыз. Мыйзам бул популисттик жол менен, мактануу үчүн алып келинген. Эч кимге ишенбегиле дейт элем.
14:53. Суроо: Сиз токтомду колдогонсуз да. Мыйзамда андан дагы коркунучтуу нерселер бар бекен? Себеби ошол эле токтомду мыйзам аркылуу бекемдөө болуп жатат да бул жерде.
- Сиз каяктан болосуз?
- Жалал-Абаддан болом.
Жооп: Сиз Жалал-Абаддан болосуз, бизнесмен эмессиз. Бишкекте үйүңүз жок. Эмне үчүн сиз депутат болуп сизге үй берилбейт. Ал жакта баарына берилбесин деп жазылыптыр. Депутаттардын арасында айыл өкмөт башчы болгондор, мугалимдер бар. Үйү жокторго, муктаж болгондорго берилсин. Азыр 37 батирдин 11инде гана депутаттар жашап жатышат. Крандарды дат басып кетиптир. Фракцияларга бөлүп Жогорку Кеңештеги кызматкерлерге берели десек болбой коюшту.
14:55. Суроо: Айдоочулук күбөлүк тууралуу маселени көтөрдүңүздөр. Орусиядагы мигранттар сиздерди эле күтүп калдык. Ушул маселени чечип берсеңиздер...
Жооп: ЕАЭСке кирип жатканда мигранттардын укуктары кеңейтилет. Орусияда жүрүп калса Орусиянын жаранындай иштеп калат дегенбиз. Чет мамлекеттердин айдоочулук күбөлүктөрүн колдонууга тыюу салгандыгы ЕАЭСтин саясатына дал келбейт. Маселени көтөргөнүбүздөн кийин биздин Тышкы иштер министрлиги Орусиянын ТИМине нота жөнөттү. Биз Орусиянын Мамлекеттик Думасына кагаз жөнөттүк. Биздин жарандарыбызга Орусиянын стандарттарына окуп алгыла деп 1-сентябрга чейин мөөнөт берди. Мөөнөтүн 2018-жылга чейин узарткыла, 70 миң рубль өлчөмүндөгү төлөмүн азайткыла деп сурандык. Өкмөт иштеп атат, муну көзөмөлгө алабыз.
14:58. Суроо: Өмүрбек Бабанов жакында эле үгүт иштерине 500 миллион сом короторун айтты. Сизде ушундай акча каражаты барбы?
Жооп: Жок... (күлүп). Эми бардыгыбызда эле акча бар. Биринчиден бизди Кудай колдоп келе жатат. Биз үгүт иштери менен жүргөндө акчага ишенбешибиз керек. Элдин жүрөгү 500 миллион сомго барабар эмес. Кимдин акчасы көп болсо ошол акча менен шайлоону өткөрө берсин. Биз элдин жүрөгүн ойготуп, элдин жүрөгүнө идеологияны киргизип, бизди шайласын деген ураан менен чыгабыз. Акча менен сатылат деген заман өтөт. Азыркы учурда элдер акча алып шайлайт деген туура эмес.
15:00. Суроо: Тамактарды тандабай жейсизби? Жеңем жасаган тамактан сүйүп жеген тамагыңыз...
Жооп: Мен тамак тандабайм. Бардык тамактарды жакшы жасайт. Таза, даамдуу даярдалса жакшы. Палоону жакшы көрөм. Беш бармак, чучук, казы-картаны жакшы көрөм.
15:02. Суроо: Президент Төрөбаев же Бабанов президент болуп калса таң калбайм деди. Ким президент болуп калса таң каласыз?
Жооп: Мен эл туура эле тандайт деп ишенем. Бизде бир коркунучтуу нерсе - бул административдик ресурс. Элге кайрылып кетет элем. Административдик ресурстан коркпогула. Талаш-урушка барбагыла, жүрөгүңөр менен тандагыла. Элди ким тандаса таң калбай эле баш ийип иштейбиз. Бийликтегилерге биздин жөнөкөй адамдарга карата басым жасабагыла дейт элем.
15:02. Суроо: Кандай тасмалар жагат. Акыркы көргөн киноңуз кайсы?
Жооп: Акыркы жолу президенттик шайлоо тууралуу "Карточный домик" деген кинону көрдүм. Америкада аял киши кантип вице-президент болгону айтылат экен.
15:04. Суроо: Көп сүйлөйсүздөр, оратор болосуздар. Эл алдына чыгарда күзгүнүн алдына туруп даярданасыздарбы?
Жооп: Эл алдына чыгарда кайсы регион болсо ошол аймактардын көйгөйлөрүн карап, кайрылууларды карайбыз. Күзгүнүн алдына карап даярдануу эски ыкма чыгар.
15:06. Суроо: Жогорку Кеңеш өлкөдөгү чуулгандуу окуялар боюнча азуусун көрсөтө албай калды. Садыр Жапаровдун моюну, колу кесилип ооруканага түшкөндө Жогорку Кеңеш эмнеге азуусун көрсөтө алган жок?
Жооп: Туура, Жогорку Кеңеш потенциалын көрсөтө албай жатат. Жадакалса биздин спикер да өз оюн айта албай жатат. Ал да бирөөгө көз каранды болбой жатат. Садыр Жапаров тууралуу мен дагы айткам. Аны СИЗО-1ге алып барбаш керектигин айткам. Аларга мамлекеттик сырларга айтып берсе бул башка жакка чыгып кетет. Бир жолу тарап кетели деп айттым эле. Өкүнүчтүү, албетте. Азыр 10дой депутат сүйлөп жатат. Калганы башка кызыкчылыктар менен жүрөт. Бирок Жогорку Кеңештин тарашы менен, өкмөттүн кетиши менен экономика өнүкпөйт. Депутаттарды аң-сезимин көтөрүш керек. Тажрыйба бир жылда келбейт экен. Парламент боюнча айтсак чындыгында парламентке бизнесмендер келбеши керек.
15:10. Суроо: Сиз өзүңүз да бизнестен келгенсиз да...
Жооп: Мен өзүмдү өндүрүшчү бизнесменмин деп айта алам. Мен ким менен болбосун өндүрүш боюнча сүйлөшө алам. Мен мамлекетчил болуп калдым.
15:12. Суроо: Фобияңыз эмне? Албарстыга ишенесизби? Сизди албарсты басты беле?
Жооп: Фобиям жок. Бир эле нерседен корком. Бул элдин ишениминен кетүүдөн корком.
15:13. Суроо. 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында педофилдикке өлүм жазасын киргизебиз деген элеңиздер. Андан бери эки жыл өттү азырынча жыйынтык жок. Президенттик шайлоого бара турган Бакыт Төрөбаев эл менен жолугушууда муну эмне менен түшүндүрүп берет?
Жооп: Биз педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам жаздык. 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаев бизди чакырганда сунушумду киргизгем. Президент тараптан эгер фракциялар макул болсо, менин каршылыгым жок деп айтылган. Парламентте бирок өтпөй калды. Бул маселе орчундуу турат. Эл менен жолугушканда өлүм жазасын киргизгиле деген сунуштар болот.
15:17. Суроо: 2013-жылы Оштун ошол мезгилдеги мэри Мелис Мырзакматов менен биригүүнү баштап, кийин ал мэрликтен кеткенден кийин бирикпей калдыңыздар. Эмне тоскоолдук болду?
Жооп: Тоскоолдук болгон жок. 2015-жылы парламенттик шайлоого барарда ал Кыргыз мамлекетинде жок болуп калды. Бул жерде шарт күнөөлүү болуп калды. Кийин ал "Ата Мекен" партиясы менен чыкканда аны каттатпай коюшту.
15:19. Суроо: Жол кырсыктары көбөйдү. Ушуга кандай чара колдонсо болот? 23-июнда форум өткөргөнү жатасыздар. Жакшы жыйынтыгын берет деп ойлойм. Ушундай форумду облустарда өткөрсө болобу?
Жооп: Чындыгында биз жол кырсыгын алдын алуу боюнча улуттук форум өткөргөнү жатабыз. Ага президенттик аппарат, өкмөттөн өкүлдөр, эл аралык эксперттер катышат. Өкмөт эмне жасайт, парламент кайсы мыйзамдарды күчөтүшү керек? Ушул суроолорго жооп издеп, сунуштар болот. Аймактар боюнча азырынча билбейм, негизи шаарларда жол кырсыктары көп болууда.
15:25. Суроо: Кайсы саясатчынын иши сизге жагат?
Жооп: Путин эл менен тыгыз байланышта, күнү-түнү иштеп жатат. Мен дагы ушундаймын. Өткөндө Уругвайдын президентин көрдүм. Ал өзүнүн жөнөкөй үйүндө жашап, иштеп жатат. Биз дагы башка мамлекеттин тажрыйбасын колдонушубуз керек. Билим берүү боюнча Финляндия, жол коопсуздугу боюнча Швейцариядан үлгү алсак.
15:27. Суроо: Сизди Темир Сариев менен тандемдеш деген кептер айтылып жүрөт...
Жооп: Андай эмес. 27-июнда өзүбүздүн партиянын курултайы өтөт. Аягына чейин президенттик шайлоого катышабыз. Анткени өзүмдүн оюм, көз карашым бар.
15:28. Суроо: Эгер сиз аралга барып калсаңыз өзүңүз менен 3 нерсе алсаңыз болот экен. Эмнени аласыз?
Жооп: Китепти. Ата-энемди. Баламды.
15:30. Суроо: Журналистти коркутуп, сөккөн депутат Жылдыз Мусабековага КСДП фракциясы чара көрүшү керекпи же депутаттар үчүн бул катардагы эле окуябы?
Жооп: Мусабекованын окуясы чын болсо анда уят эле болдук. Анткени маданият бизден башталат. Жөнөкөй жарандар, балдарыбыз телевизордон көрүп мен депутат болом, мугалим болом деп айтышат да. Балдардын ичиндеги мүнөзү калыптанып жатканда биз үлгү болушубуз керек. Менимче, мындан трагедия кылбаш керек. Чын болсо коомчулуктан кечирим сураш керек.
15:32. Суроо: Машинаңыздын, уюлдук телефонуңуздун үлгүсү кандай? Кандай косметикалык каражаттарды колдоносуз?
Жооп: Телефонумдун үлгүсү Самсунг. Машинамдын үлгүсү Мерседес, 2008-жылы чыгарылган болсо керек. Косметикалык каражаттарды көп колдонбойм. Эми эркектердин өзүнүн косметикалары болот, эми косметологго барбайм.
15:34. Суроо: Президент Алмазбек Атамбаев ММКларды, журналисттерди, адвокаттарды сотко берди. Бул боюнча оюңуз кандай?
Жооп: Президент өз вазыйпасын аткарды. 2010-жылдан бери бир топ митингдер болду. Ушунун баарына чыдап аткарып келди. 2017-жылы президенттик мөөнөтү бүтөт. Анан жаңы президент келет. Жаңы багыт болот деп ойлойм. Фракцияда айткам, журналисттер, силер да аргумент, факты менен жазсаңыздар дегем. Азыр президент менен журналисттердин эмне боюнча соттошуп жатканын көңүл бурган жокмун.
15:38. Суроо. Жубайыңыз менен таанышканыңыз, биринчи ата болгон күнүңүз эсиңиздеби?
Жооп: Ооба, эсимде. Жубайым коңшу үйдө жашачу. Биз учурашып эле жүргөнбүз. Ар бир эркек ата болгусу келет. Муну сөз менен айта албайсың. Уулум азыр 18 жашта. Ата болгонго да сүйүнүп, аны туура жолго салганга багыт бериши керек.
15:39. Суроо: Балдарыңыз каякта окуйт?
Жооп: 18 жаштагы балам Түрк лицейинде окуган. Азыр Шанхайда техникалык университетте окуйт, экинчи балам Орусияда Бажы адистигине окуйт. Кийинки балам мектепте окуйт, андан кийинкиси бала бакчага барат.
15:41. Суроо: Орозо кармадыңызбы? Кичинекей кезиңизде жарамазан айтсаңыз керек...
Жооп: Мусулман элибизди Рамазан айы менен куттуктайм. Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун. Биз да кармадык. Бала кезде биз да жарамазан айткан элек. Быйыл жарамазан айткандар мага кезиккен жок.
15:43. Суроо: Эки аял алуу тууралуу талкуу жүрүүдө. Буга көз карашыңыз кандай?
Жооп: Менин 5 балам бар, 1 аялым бар. Мыйзамдаштыруу туура эмес. Азыр кандай болсо ошол бойдон калыш керек. Азыр ажырашуу деген чоң көйгөй келе жатат. Ушул тууралуу ойлонушубуз керек. Үй-бүлөлүк баалуулуктар жок болуп кетип жатканын, телефон аркылуу урушуп кетип жатканын көрүп жатабыз. Жоопкерчиликти күчөтүшүбүз керек. Колдон келишинче аксакалдарыбыз сүйлөшүп, үй-бүлөнү кайра калыбына келтиришибиз керек.
Суроолорду WhatsApp аркылуу кабыл алуу токтотулду. "Соңку кабардагы" ушул кабардын астына калтырылган суроолор да кабыл алынбайт.