2016-жылы Түндүк Кореянын соту америкалык студент Отто Фредерик Уормбирди 15 жылга эркинен ажыраткан. 2015-жылдын декабрында Кытайдан Түндүк Кореяга туристтик топ менен барган студентти кореялык сот мейманканада үгүт плакатын айрып, уурдоого аракет кылганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.
Студент күнөөсүн моюнга алган.
Уормбир быйыл 13-июнда абактан бошотулган эле. Маалыматка таянсак, 22 жаштагы студент 1 жылдан ашык комада жаткан. Аны эркиндикке чыгарууга катышкан америкалык мурдагы дипломаты Билл Ричардсон: "Студентке АКШда тезинен медициналык жардам керек. Түндүк Корея соттолуучу эмне үчүн комага түшүп калганын түшүндүрүп берүүгө тийиш", - деп билдирген.
Маркумдун жакындарынын ырасташынча, Уормбир 19-июнда АКШнын Цинциннати шаарындагы ооруканадан көз жумду. Студентти Түндүк Кореяда мыкаачылык менен кыйнашканын айтып жатышат. Түндүк Корея тарап студент уйку чакыруучу дары ичкенден кийин абалы начарлап кеткенин билдирүүдө. Буга маркумдун жакындары ишенбей турганын жарыя кылышты.
АКШнын президентинин администрациясы студенттин өлүмүнө Түндүк Корея жоопкер экенин эскертти. Президент Дональд Трамп: "АКШ Түндүк Кореядагы режимдин ырайымсыздыгын дагы бир жолу сындайт", - деди.