Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү. 2001-жылдын 20-июнунан тарта Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү белгилене баштаган.
2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы резолюциясын бир добуштан кабыл алган. БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин 2013-жылга карата берген маалыматы боюнча Кыргыз мамлекетинде 437 качкын бар. Андан сырткары 271 адам башпаанек сураган. Ал эми дүйнө жүзү боюнча 10 миллиондон ашык качкын болсо, анын 55 пайызы Ооганстан, Сирия, Судан, Сомали жана Ирактан чыккан. Ар бир төрт качкындын бирөө Ооганстандан болот. Алар биринчи кезекте Пакистан менен Иранга качып барат. Кыргыз өлкөсүндө да бул качкындарды кабыл алгандыктан, биздеги качкындардын басымдуу бөлүгү Ооганстандан. Калгандары Сирия, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөр.
20-июнга карата жылнаама.