КҮНСЕРЕП: Кыргыздын болочок президенти үчүн Орусия 240 миллион долларын кечүүгө даяр

Бүгүн, 21-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Москвада кечээ күнү Кыргыз-Орусиянын ортосунда 8 документке кол коюлду. Алардын бири - Кыргыздын Орусияга болгон 240 миллион доллар карызын кечүү протоколу. Документти эми Жогорку Кеӊеш менен Мамлекеттик Дума ратификациялоого тийиш. Протокол күчүнө кирсе, Бишкектин Москванын алдындагы карызы 100 пайыз жоюлганы турат. Карызды кечүүнүн сыры эмнеде?

Кыргыз ажосу Алмазбек Атамбаев президент Владимир Путин менен жакшы мамиледе экенин айтып жүрөт. Карызды кечүүгө, балким, мамлекет башчынын аброю, Путин менен болгон достук мамилесинин таасири тийгендир. Карызды кечүү процедурасы ийгиликтүү аягына чыкса, ажолуктан кеткенден кийин айтыла жүрчү Атамбаевдин жакшы иштеринин бирине айланат. Ошондой эле Орусиянын бул "марттыгын" башка өӊүттөн да кароого болот. "Орусия карызын бекер кечкен жок, Кыргыз бийлиги кандайдыр бир убадаларды берди" деген пикирлер да айтылууда. Эгерде карызын кечүүдө Кыргыз тарапка үмүт артылып, ал үмүттөр акталбай калса президент Путин Орусия парламентин ратификациялоого жеткирбей "жок" дедиртип коюшу деле мүмкүн. Азыртадан эле интернетте Орус жарандары “Кыргыз мамлекети үчүн жоюлган 240 миллион доллар бул: 1 миллиондон ашуун пенсия, 720 миң мугалимдин айлыгы, 576 миң врачтын маянасы, же 32 миң эне капиталына барабар болчу” деп жазышууда. Айтор, кубанууга эртерээк.

Бул аралыкта ажону коштоп барган кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн жылмайып гана түшүшкөн селфи сүрөттөрү интернетке тарады. Атамбаев менен Путиндин жолугушуусунун алкагында өтчү таанышуу аземин эки өлкөнүн делегациялары көпкө күтүп калган көрүнөт, Кыргыз депутаттары, министрлери баш болуп, мамлекеттик мекемелердин башчылары, президенттин кеңешчиси төш болуп, убакыт-шарттан пайдаланып, чакан фотосессия уюштуруп жиберишкени байкалат. Делегациянын аттуу-баштуу эле курамына көз жүгүртсөк, 1 вице-премьер-министр, 5 министр, 6 мамлекеттик мекеменин башчысы, Жогорку Кеңештин 6 депутаты, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысын көрүүгө болот. Мамлекеттик сапар дагы 2 күнгө уланат, бирок азырынча делегациянын сүрөткө түшүүдөн башка эмне ишти аткарууга барганы билине элек.

Адатта, президент Алмазбек Атамбаевдин тышкы сапарда, дегеле жалпы сүйлөгөн сөздөрү талкуу чордонун жаратат. Бул жолкусу дагы көңүлдөн тыш калган жок... Москвада Путин менен сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Атамбаев "Кыргыз мамлекетинин келечегин Орусиясыз элестете албайм" деди. Бул көз карандысыз Кыргыз Республикасындагы бийликтин күнкордук сезимден арыла электигинин белгисиби? Атамбаевдин сөзү Кыргызды толук көз карандысыздыкка жете элек, өз тагдырын чечүүгө жөндөмсүз, бирөөгө таянып иш кылган мамлекет катары көрсөтүү деп кабыл алынышы ыктымал. Атамбаев убагында "Кыргыз мамлекети мындан ары эч кимге чөгөлөбөйт", "бардык мамлекеттер менен теӊ ата сүйлөшүүчү деӊгээлге жеттик" деп курч билдирүүлөрдү жасаган. Орусия Кыргыздын башкы өнөктөшү, бул өлкөдө 100 миӊдеген мекендешибиз эмгектенет, албетте, андай өлкө менен жакшы мамиле күтүү туура. Бирок ажонун "силерсиз келечекти элес кыла албайм" дегени эгемендүү өлкөнүн лидерине жарашпас ашкере жагынууну гана көрсөттү...

Кыргыз жергесинде катталган кыйноолордун басымдуу бөлүгүн, тактап айтканда, 96 пайызын милиция кызматкерлери жасашкан. Мындай коркунуч жана нааразычылык туудура турган цифраны Башкы прокуратура даярдап чыгарды. Ага таянсак, 2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылган 435 адамдын иши боюнча болгону 33 кылмыш иши козголгон, анын ичинен 11и гана сотко жөнөтүлгөн. Көптөгөн кыйноо фактылары катталбай да, аныкталбай да калып келет. Жабырлануучулар аларга карата калем, тамеки, ийне же кадимки целлофан баштыгы курал катары колдонулуп, кыйноолор моралдык басым, акча талап кылуу, үй-бүлөнүн мүчөлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуулар аркылуу коштолгонун айтышат.

Кыйноонун айынан ден соолугунан ажырап калган учурлар да бар. Мисалы, 2016-жылдын 29-июнунда Кадамжай районунун тургуну Нургазы Сартаевдин милиция кызматкерлеринин ур-тепкисинен улам эки бөйрөгү жабыркап, ага 2 жолу операция жасалган. Ошондой эле 2015-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун милиция кызматкерлери үндүк уурдаганга шектелип кармалган Урмат Кубанычбековду сабап, колдорун аттиш менен кыпчытып кыйнашкан. 2016-жылдын ноябрь айында милиция кызматкерлери "уюлдук телефон уурдады" деп шектелген өспүрүмдү сабашып, күнөөсүн моюнуна алдыруу аракетин көрүп, аны бошотуу үчүн 100 доллар жана 10 миң сом сурашкан. Көбүнчө мындай иштер ИИМдин Ички коопсуздук кызматына жөнөтүлөт. “Карга карганын көзүн чукубайт” демекчи, көп учурда күнөөлүү милиционерлер оңой кутулуп кетишет. Мындан улам “Менин милициям – мени коргойт”, “Милиция эл менен” деген ураандар сөз жүзүндө эле калып, укук коргоо органдарына болгон ишеним төмөндөйт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи, укук коргоо органдарындагы айрым “кумалактардын” айынан жалпы системге көлөкө түшүп, көйгөйдүн жылдар бою чечилбей жатканы маселенин системдүү жана терең экенин көрсөтөт. “Укук коргоо органдарындагы реформалар” деп, алдыга чоң-чоң максаттар коюлуп, бирок жыйынтыгында милицияда жаңы бөлүмдөрдүн ачылышы менен иш токтоп калат. Ошентип милициядагы реформалар маселени чечүү үчүн эмес, керектүү кадрга орун түзүү үчүн эле жүргүзүлөт деген ой коомдо жаралат. Ал эми көйгөй ошол бойдон чечилбей кала берет. Эгер мындай нукта кете берсе, милицияга ишенимин жоготкон жарандар бүтүндөй бийликке карата ишенимин кошо жоготууга алып барат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан