RNS агенттиги жазгандай, буга чейин Троценко Түркия менен Флоренциядагы аэропортторду сатып алууга кызыкдар экенин билдирген.
"Иштетсе боло тургандай аэропорттор бар. Кызыктууларынын арасында - Хабаровск шаарындагы, Казакстандагы менчиктештирүүнүн жалпы программасы башталган аэропорттор бар. Орто Азиядагы, атап айтканда, Ош шаарындагы аэропорт да кызыктырат", - дейт ишкер.
Троценко орусиялык туристтер учкан аэропорттор менен гана алектенүүгө кызыкдар экенин белгилеген.
"Братислава, Флоренциядагы аэропорттор, Италия-Римини каттамы кызыктырат. Түркиядагы аэропорттор да кызыктырат, бирок ал жакта өздөрү аэропорттук операторлорун активдүү даярдашат", - деген ишкер интервьюсунда.
«Новапорт» жоопкерчилиги чектелген коому - аэропортторду өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын ишке ашырууга багытталган ишкана. АЕОН Корпорациясына кирет.
«Новапорт» холдингине "Чита аэропорту" ААКсы, "Челябинск авиаишканасы" ААКсы, "Томск аэропорту" ЖЧКсы, "Алтай авиациялык ишканасы" ААКсы, "Астрахань аэропорту", "Волгоград эл аралык аэропорту", Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропорту", Тюмень шаарындагы "Рощино" аэропорту", "Мурманск" аэропорту" ААКлары, Пермь шаарындагы "Большое Савино" аэропорту, Калининграддагы "Храброво" аэропорттору кирет.
Маалымат үчүн айта кетсек, Роман Викторович Троценко 46 жашта, "Роснефть" мамлекеттик ишканасынын президентинин кеңешчиси. "Forbes" журналы анын 2016-жылдагы байлыгын 750 миллион доллар деп жазган.