ЖЫЛНААМА, 21-ИЮНЬ: "Татьянин день" сериалында эки бийкечтин арзуусуна айланган орус актёру Кирилл Сафонов 44 жашка толду

Орусиялык актёр Кирилл Сафонов 1973-жылы Орусиянын Красноярск шаарында туулган. Кийинчерээк ата-энесинин жумуштарына байланыштуу Украинанын Львов шаарына көчүп кетишип, Кириллдин балалыгы ошол шаарда өткөн.

Келечекте атактуу актёр болууну кичинесинен эле самаган Кирилл Сафонов үчүн окууну аяктагандан кийин кесип тандоодо кыйынчылык туулган эмес. 1990-жылы үй-бүлөсү менен кайрадан Красноярск шаарына келип, искусство институтуна тапшырган. 1-курсту аяктап, кийинки жылы Москва шаарындагы Орусиянын театралдык искусство институтунун актёрдук факультетине тапшырган. Окуусун ийгиликтүү аяктаган соң Маяковский атындагы театрда биринчи жолу эл алдында спектаклде роль жаратып, кесиптик эмгек жолуна байсалдуу кадамын таштаган. Кийинки жылы Станиславский атындагы театрда да иштөөгө жетишкен.

1999-жылы Израилдеги Тель-Авив шаарындагы “Гешер” театрынан чакыруу алган. Толугу менен 8 жыл “Гешер” театрында иштегенден кийин, актёр Орусияга 2007-жылы атайын чакыруу менен кайтып келген. Бирок буга чейин “Чемпион кыз”, “Чымчыкка баары бир”, “Жаман кыздар” деген сыяктуу бир канча тасмаларда роль жаратып келген. Москвага келери менен эле актёр 49 жигиттин ичинен эң таланттуу деп табылып, “Татьянин день” телесериалында роль жаратып, атактуулукка жеткен.

Кирилл 1991-жылы Елена аттуу айымга үйлөнүп, 1995-жылы Анастасия аттуу кыздуу болгон. Бирок актёрдун үй-бүлө очогу көпкө тутанбай, 2001-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Учурда актёрдун кызы АКШда билим алат.

Сафонов 2010-жылы Орусиялык ырчы, “Фабрика” тобунун солисти Александра Савельева менен баш кошкон.

21-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altynka95
2017-06-21 18:34:46
Чоон эле киши турбайбы,84-85деп ойлопмун
+1
Batma08
2017-06-21 21:18:56
Мынча кеч уйлонгон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан