№18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жамааты башкы бухгалтер алмашкандан кийин маяналары 40 пайызга көбөйгөнүн айтышат

"Биздин борбордун башкы бухгалтери менен башкы дарыгери алмашкандан бери айлыгым дээрлик 40 пайызга көтөрүлдү", - деп билдирди Бишкектеги №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жамааттык кошуунунун башчысы, дарыгер Минара Кулматова SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, жетекчилик алмашканга чейин 6-7 миң сом айлык чыкса, учурда 11 миң сом акча алат.

"Кудайга шүгүр, дээрлик 40 пайызга көбөйүп, дарыгерлер сүйүнүп жатабыз. Мурда биз эмгекке катышуу коэффициентин да алчу эмеспиз", - деди ал.

Буга чейин аталган борбордун жамааты маалымат жыйын өткөрүп, андагы коррупциялык схема тууралуу айтып беришкен. Анда башкы бухгалтер Жамила Осмонова 9 миллион сомду мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алганын билдиришкен. Борбордун дарыгерлери бул ишке башкы дарыгердин да катыштыгы бар экенин белгилешкен.

"Башкы дарыгер Жамиля Бейшенбекова өз калоосу менен арызын жазып кызматтан кетти. Арызга Саламаттыкты сактоо министрлиги кол коюп, бизге кайра кат жөнөтүптүр. Катта Бейшенбекованын өз каалоосу менен иштен кеткендиги жазылган. Ал эми ага чейин 11 жыл башкы дарыгерлик кызматты аткарып жүргөн Анара Шакееванын кызмат орду тергөө иштери бүткөндөн кийин каралат деп жазылат. 9 миллион сомду мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алууга катыштыгы бар деген Шакеева биздин борбордун башкы дарыгерлик ордунан кеткенден кийин шаардагы №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине дайындалган. Бизде ушундай боло береби? Акчанын баарын жеп кетип, кайра башка жетекчилик кызматка орношуу. Биз акчабызды ким өзүнө ыйгарып алса да кайтарып берүүсүн талап кылабыз", - дейт Минара Кулматова.

Кулматова борбордогу дарыгерлерде жетекчилик менен башкы бухгалтердин коррупциялык иштерди жасагандыктары тууралуу далил документтер бар экенин, Октябрь райондук прокуратурасы бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады. Айтымында, башкы бухгалтер ар бир кызматкерден социалдык фондго деп 2000-3000 сомдон алып калчу. Бирок фондго дарыгерлерден 200-300 сом өлчөмүндө гана акча түшүп турган.

Борборду 11 жыл жетектеп, башкы бухгалтердин жасалма документтерине кол коюп жүргөн деп айыпталып жаткан Анара Шакеева жасалма документтерге тиешеси жок экендигин айтат.

"Ооба, биз көп жыл чогуу иштедик, бирок бул убакыт аралыгында мен анын жасалма документтерин байкаган эмесмин. Анткени Эсептөө палатасынан аудиторлор, соцфонддун кызматкерлери, салык кызматы текшерип келип, баары жакшы деп кетишчү. Мен аудиторлорго ишенип башкы бухгалтердин документтеринен шек саначу эмесмин. Башкы бухгалтер аудиторлор менен сүйлөшүп алган да. Анын бул жоруктары билингенден кийин бухгалтер менен сүйлөшүүлөрдү аудиого жаздырып алдым. Муну мен коррупциялык схемага аралашпаганымдын далили катары жаздырып алгам. Аудиону каржы полициясына, саламаттыкты сактоо министрине, прокуратурага алып барып бердим. Бул инстанциялар жыйынтык чыгарат деп ишенип жатам. Кызматкерлердин ошончо акчасы бухгалтердин сол чөнтөгүнө кирип кеткендигине менин да көңүлүм ооруп турат", - деди Анара Шакеева.

Ал 2015-жылы аталган борбордон кетип, анын ордуна Жамиля Бейшенбекова башкы дарыгерликке дайындалган. Ал жетекчилик кызматта отурганда да ошол схема уланып, ушул жылдын апрель айында гана ачыкталган. Жамиля Бейшенбекова кызматтан кеткендигинин себебин бизге төмөндөгүдөй түшүндүрүп берди.

"Мен бухгалтер документтерди жасалма кылып алып, жамааттын акчасын өзүнө которуп жүргөнүн билген эмесмин. Акыркы март айында келген аудитор гана бул жерде коррупциялык иш бар экен деген шектенүүнү айтып, айрым далилдерди келтиргенде тактап берүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жаздым. Эгер өзүмдүн катыштыгым болсо арыз жазмак эмесмин да. Жамаатта 3-4 дарыгер бар, бардык нерсеге нааразы боло берген. Алар мени козголгон кылмыш иштин негизинде жүрүп жаткан тергөө амалдарын бурмалайт деп чыгышты. Мындан улам иликтөө иштерине тоскоол болбоо максатында кызматымдан кеттим", - дейт Бейшенбекова.

Ал эми башкы бухгалтер Жамиля Осмонова өлкөдөн чыгып кеткендигин жамааттын дарыгерлери жана мурунку жетекчилери билдиришти. SUPER.KG порталы Осмонованын оюн угууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aibars
2017-06-25 14:44:44
Бироонун акысын жеген эн чон куноо, бейтапкананын кебетеси кантет, дарылануудан коркосунго. Кудай сактасын ошол акчалар буйрубайт.
+4
sainazarov0555
2017-06-25 15:12:13
жесенер, эми кайра кусуп бересинерда :)
+4
doni-beku
2017-06-25 15:39:48
Мугалимдер катары врачтар деле ар жылы билимин жогорулатканга барып турушабы? Азыркы врачтарды да тест тапшыртып анан ишке алыш керек себеби акча менен окууну бутуп ататда... бул жакта адам олуп аткан менен иши жок... ушуга ылайык бир окуя. Бир эжем ыстымасы тушпой болницага жатты 15кун деседа тушпойт. Акыры Ошко алып барса апендицид деп сразу операция кылышты. Байкуш эжеми ыстымасы тушсо чыгарабыз уйуно деп аябай кыйнаштыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан