21-июнда Москва шаарында президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапарынын алкагында Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы билим берүү, Куралдуу күчтөрү, транспорт жана энергетика, миграция маселелери боюнча суроолорго жооп берди. Ал Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттары үчүн шарттарды жакшыртуу маселесине өзгөчө көңүл бурулганын баса белгиледи. Ошондой эле жолугушууда мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү, Орусиянын аймагында Кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүн таануу, келерки президенттик шайлоону таза өткөрүү маселелери талкууланды.
Белгилүү болгондой, жолугушуунун соңунда Атамбаев мекендештерине өзүнүн ырлар жыйнагын белек кылды. Ар бир компакт-дискте орус тилиндеги 10 ыры бар экенин айтты өлкө башчы.