Индияда жаныбарларды коргоочулар 50 жылдык өмүрүн чынжыр менен байланып өткөргөн 75 жаштагы пилди эркиндикке чыгарды. Чет элдик маалымат каражаттары пил бул жылдар аралыгында көп кыйноолорду көргөндүгүн жазат.
"Төрт бутунан тең чынжыр менен байланган пил өтө оор абалга кептелген. Пилдин аты Гейджардж - (Gajraj) "падыша" же "чоң бала" дегенди түшүндүрөт. Махаратшедеги индуисттик храмда кулчулукта болгон. Чынжырга байланып турган буттары жара болуп, көзү көрбөй калган", - деп жазылат маалыматта.
Ал жердеги адамдар аны кордоп турушкан, пил аларга зыян келтирбеши үчүн тиштерин, азууларын өгөөлөп салышкан.
"Бул жылдар аралыгында канча оору, кыйноо, кордоого туш болгонун жалгыз гана пил билет. Анын көрбөй калган көздөрүнөн чыккан жаш абдан көп азап тартканын билдирип турду. Пилди эркиндикке чыгаруу оңой болгон жок, адегенде жаныбардын кожоюну каршылык көрсөттү, жергиликтүү жашоочулар да анын таламын талашкан. Акырында жаныбарларды коргоочулар пилди алып кетүү аракетин ишке ашырышкан", - деп жазылат маалыматта.