Ош шаарында жолдун четине таштанды урналары орнотула баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына Ош шаардык "Тазалык" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык тазалык ишканасынан 17 миллион сом бөлүнүп, шаарды өнүктүрүү багытында контейнерлер, урналар алынып, шаардын жолдоруна коюла баштады.
"2016-жылы шаардын жолдоруна 500 урна орнотулган. Быйыл 918 урна алынып, коюла баштады. Күз айларына чейин шаардын бардык көчөлөрүндө таштанды урналары коюлат. Мындан тышкары 200 даана таштанды контейнери жаңы сатылып алынып, коммерциялык мекемелердин алдына жана көп кабаттуу үйлөрдүн айланасына коюла баштады. Атайын контейнерлерди жана урналарды сатып алып орнотууга 1 899 240 сом каралган. Бөлүнгөн суммага мекеменин имараты да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле жаңы техникалар сатылып алынды", - деп билдирди мекемеден.