Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттарды жыйындын аягына чейин чыдап отурууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттарды жыйындын аягына чейин чыдап отурууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү жыйындын күн тартибине 20дан ашык мыйзам долбоору киргизилген. Бир жумадан кийин сессия аягына чыгат. Мыйзам долбоорлорду күн тартибине киргизгенге жараша аягына чейин катышуу керек. Бизди эл карап жатат. Кимдир бирөөнү күнөөлүү кылып коёбуз. Бирок эл ким күнөөлүү экенин көрүп турат", - деп депутаттарга кайрылды.

Эске салсак, кечээ, 21-июнда Жогорку Кеңеште кворум жок жыйын аягына чейин чыкпай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан