Кыргыз мамлекетинде кант диабети менен ооруган жарандардын саны 51 миңден ашты. Жыл сайын бул илдет менен катталгандардын саны 5 миңге жетет. Мындай маалыматтар кант диабетин көзөмөлдөө жана профилактикалык иштерди кеңейтүү боюнча бүгүн, 22-июнда Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында айтылды.
Кант диабети 20 жаштан 80 жашка чейинки жарандардын арасында катталып келе жатканы айтылды. Ал эми дүйнө жүзүндө 240 миллион адам кант диабетинен жабыркайт. Бул көрсөткүч 2025-жылы 400 миллионго жетиши мүмкүн.
Жыйынга катышып жаткан эксперттер бул илдеттин күчөп кетүүсүнө жол бербеш керектигин белгилешүүдө.