Парламентте Улуттук банктын 2016-жылы аткарылган иши канааттандырарлык деп табылды

Парламентте Улуттук банктын 2016-жылы аткарылган иши канааттандырарлык деп табылды. Бул боюнча бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2016-жылы аткарган иштери тууралуу отчёт берди. Ал өлкө экономикасынын өнүгүү ыргагынын басаӊдоо шартында, акча-насыя саясаты негизинен банк тармагынын өнүгүшүнө түрткү берүү мүнөзүндө жүргүзүлгөнүн билдирди.

Депутаттар айтылган кемчиликтерди эске алуу менен, мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу боюнча бир катар сунуштарды беришти. Буга чейин Улуттук банктын аткарган иши боюнча отчёту Жогорку Кеӊештин бардык тармактык комитеттеринде жактырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан