Москва шаарынын чыгыш тарабындагы эл эс алган көлмөдөн сууга чөгүп бара жаткан 2 Кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгууда.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 21-июнда кечке жуук болгон. Куткаруучулар көлмөдө эс алып жүргөн тургундардын кайыгы оодарылып, андан сууга кулаган 2 адамды көрүшкөн. Алар жетип барып сууга чөгүп жаткан адамдарды куткарып калышкан.
"Куткаруучулар сууга чөккөндөр Кыргыз жарандары экендигин, алар мас абалда болгонун айтышкан. Алар полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.