Маммүлк: "Ак Кеме" Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынды. Мейманкана мурдагыдай эле ишин улантат"

Бүгүн , 22-июнда милиция курчоого алган "Ак Кеме" мейманканасы мындан ары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдында өз ишмердүүлүгүн улантат.
Бул туурасында SUPER.KG'ге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдирди.

"Ак Кемени" 2012-жылы мамлекеттин эсебине 452 миллион сом төлөп берсин деп Жогорку Сот чечим чыгарган. Жогорудагы сумманы мамлекетке төлөтүп алуу максатында "Ак Кемени" эки жолу аукцион аркылуу сатыкка коюшкан. Бирок эч ким сатып албагандыктан сот аткаруучу мейманкананы мамлекеттин эсебине алуу сунушун берген. 2017-жылдын 7-мартында айтылган сунуш боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы "Ак Кемени" мамлекеттин мүлкү катары каттоого алды. Маммүлктүн атынан ошол күндөн бери "Ак Кеменин" жетекчиси Руслан Сарымсаковго 12 жолу имаратты бошотуп берүү тууралуу ордер жиберилген. Тилекке каршы, ал анын баарын четке каккан. Бүгүнтөн баштап соттун чечимин аткаруу максатында биз "Ак Кемени" толугу менен мамлекеттин эсебине алдык. Мейманкана мурда кандай иштеген болсо ошол бойдон ишин улантат. Болгону мындан ары мамлекеттик "Мүлк" ишканасынын балансында болот", - деди Казаков.

"Ак Кеме" мейманканасы мамлекеттин карамагына өткөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekovich76
2017-06-22 13:25:34
Ошону менен эмне чечилет
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан