Өлкөдө кант диабетинен жабыркагандарга дары каражаты жетишсиз

Кант диабети менен ооругандарга дары-дармектер жетишсиз экендигин, табылса да кымбат болуп жатканын бул ооруну көзөмөлдөөгө багытталган талкууда кант диабетин алдын алуу жана өздүк көзөмөлдөөнү күчөтүү долбоорунун менеджери Нурдин Сатаров белгиледи. Анын пикиринде, оорулуу үчүн дары жетиштүү болуп, жакшы тамактануу шарт.

"Бизде азыр бул ооруга улгайып калган адамдар көп чалдыгышат. Себеби пенсиялардын аздыгынан эт, жумуртка сыяктуу тамактарды эмес, кантты көбөйтүүчү азыктар менен тамактанып жатышат. Андан сырткары жакшы таасир берүүчү дарыларды сатып ала алышпайт. Башкача айтканда, оорулуунун өзүнө болгон көзөмөлү жок. Эгерде чара көрүлбөсө илдетке чалдыккандардын саны жылдан жылга жогорулайт. Эки жарым жыл мурун өлкөдө 35 миң адам кант диабети менен ооруган болсо, быйыл 55 миңге жетти. Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча катталбагандарды кошкондо өлкөдө бул илдеттен жабыр тарткандардын саны 180 миңге жетет", - деди Сатаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zinazima
2017-06-22 14:20:11
Админ кантсыз диабет боюунча кененирээк маалымат алып беринчи.
+1
admin_superstan
2017-06-23 11:42:44
Zinazima, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан