Ош шаарындагы карусель кулаган эс алуу багынын ижарачыларына 7500 сомдон айып салынды

Ош шаарындагы "Жеңиш" эс алуу багында кулаган каруселдин ээлерине айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Мамэкотехинспекциясынын Ош шаарындагы аймактар аралык башкармалыгынын улук инспектору Абдыманап Бекишев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, кулаган карусель боюнча мамлекеттик экотехинспекциясынын буйругу менен иликтөө иштери аяктады.

Балдар келечеги" Жоопкерчилиги чектелген коому паркты мэриядан 5 жылдык келишим менен ижарага алып иштетип жаткан. Бул коомдун директору Каримбаев Улан жана анын орун басары Бекмырзаев Саматка 7500 сомдон айып салынды. Ал эми парктагы кулаган каруселди иштеткен Алимбеков Айбекке кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат”, - деди Бекишев.

Бүгүнкү күндө жабыркагандарга компенсация төлөнгөн эмес. Ал эми парктын башка аттракциондору азыр иштеп жатат.

Эске салсак, 14-майда болжол менен саат 17:00 чамасында Ош шаарынын "Жеңиш" сейил багында жайгашкан каруселдердин бири кулап кеткен. Кырсыктан 8 адам жабыркаган.

Кыргыз мамлекетиндеги аттракциондорду текшерүү үчүн Өкмөт тарабынан атайын нормативдик акт кабыл алынган эместигин Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу секторунун башчысы Таалайбек Айдаркулов билдирген. Ошондой эле ал буга чейин Ошко Бишкектен белгисиз бир адам барып, "эч кандай коркунуч жок, аттракциондорду иштете берсе болот" деп уруксат кагазын жазып бергенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2017-06-22 15:24:14
Кулагандар жакшы болуп кетиптирби кабар алгандар бар бекен мамлекетпи же гуноолуулорбу
0
Nazar76
2017-06-22 16:30:23
talant87,7500 эмне мынча аз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан